Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 30-июнь №5
“Багыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү
бюджетин долбоорун бекитүү жана 2027-2028-жылдарга
божомолу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети жана 2027-2028- жылдарга пландык мезгили жѳнүндѳ” мыйзамын негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025- жылдын 19-июнундагы 01-15/161 сандуу «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2026-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын долбоорун айылдык кеңештин сессиясында карап, бекитип берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2026-жылга долбоору 74 423,8 миң сом, 2027-жылга божомолу 82 491,0 миң сом, 2028-жылга божомолу 91 359,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын токтомдору менен бекитилген нормативдик актылардын негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2026-жылга долбоору 74 423,8 миң сом, 2027-жылга божомолу 82 491,0 миң сом, 2028-жылга божомолу 91 359,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин бекитилген 2026-жылга долбоору жана 2027-2028-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы евге жүктөлсүн.
5. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|