Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-июну № 490
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А.Талиева, М.А.Маматалиев, У.Б.Примов, А.Т.Түмөнбаев, Д.А.Джумабеков, И.К.Кубанычбеков, С.А.Омурзаков, Г.О.Акимбаева, Г.М.Баатырова, Г.О.Култаева, Н.Я.Алимжанова, А.М.Кудайбердиев, Г.С.Молдобекова, М.К.Калбердиева, Ж.А.Эгенбердиева тарабынан демилгеленген "Социалдык кепилдиктер чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 30-июнундагы № 490 тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А.Талиева, М.А.Маматалиев, У.Б.Примов, А.Т.Түмөнбаев, Д.А.Джумабеков, И.К.Кубанычбеков, С.А.Омурзаков, Г.О.Акимбаева, Г.М.Баатырова, Г.О.Култаева, Н.Я.Алимжанова, А.М.Кудайбердиев, Г.С.Молдобекова, М.К.Калбердиева, Ж.А.Эгенбердиева тарабынан демилгеленген "Социалдык кепилдиктер чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А.Талиева, М.А.Маматалиев, У.Б.Примов, А.Т.Түмөнбаев, Д.А.Джумабеков, И.К.Кубанычбеков, С.А.Омурзаков, Г.О.Акимбаева, Г.М.Баатырова, Г.О.Култаева, Н.Я.Алимжанова, А.М.Кудайбердиев, Г.С.Молдобекова, М.К.Калбердиева, Ж.А.Эгенбердиева тарабынан демилгеленген "Социалдык кепилдиктер чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Жалпысынан Мыйзам долбоору менен пенсиялык камсыздоо (мындан ары - социалдык жөлөкпул) укуктары жок адамдарга ай сайын жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) функцияларын бюджеттик каражаттар менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (мындан ары - Социалдык фонд) өткөрүп берүү, "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге төлөнүүчү кошумча үстөктөрдү 1000 сомдон 5000 сомго чейин көтөрүү жана башка чаралар каралган.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө маселелерин жөнгө салган жоболорду алып салуу каралууда. Ошол эле учурда бул жоболор "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Социалдык пенсиялар" аттуу өзүнчө глава түрүндө киргизилүүдө.
Белгилей кетсек, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы камсыздандыруу принциптерине негизделген пенсиялык укуктарды жөнгө салат. Башкача айтканда аталган Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү милдеттүү социалдык камсыздандыруу системасына катышкан камсыздандырылган адамдарга гана жайылтылат. Социалдык жөлөкпулдар пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен көрсөтүлүүчү социалдык колдоонун бир түрү болуп саналат.
Социалдык жөлөкпул алуучуларды мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга кошуу, иш жүзүндө аларды камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана тийиштүү камсыздандыруу стажына ээ болуу аркылуу пенсиялык укуктарын түзгөн адамдар менен теңештирет.
Сунушталып жаткан түзөтүүлөрдү ишке ашыруу пенсиялык системанын негизи болгон камсыздандыруу принцибин бузат, ал эми эмгек стажы жок жарандарды алардын эмгекке катышуусуна жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө карабастан социалдык пенсия менен камсыз кылуу практикасы коомдо багуучулук маанайдын калыптанышына алып келет.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына социалдык жөлөкпулдарды берүүнү жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү, пенсиялык камсыздоо жана мамлекеттик социалдык колдоо институттарынын укуктук мүнөзү боюнча айырмачылыктарын аралаштырат, бул социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ар кандай чечмелөөгө жана колдонууга алып келүү тобокелдиктери бар.
Жөлөкпулдарды пенсияга которуу методу республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылган чынжырча механизмине алып келиши мүмкүн, ошол эле учурда социалдык адилеттүүлүк принцибин бузат.
Мындан тышкары "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Социалдык пенсиялар" деген бөлүмдү киргизүү аталган Мыйзамдын укуктук негизине туура келбейт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялардын түрлөрүн көбөйтүү республикалык бюджетке жүк жаратышы мүмкүн, ушуга байланыштуу жыл сайын республикалык бюджеттен кошумча ассигнованиелер зарылдыгы келип чыгат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Министрлик турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана майыптыгы бар адамдарды колдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок, эмгекке жөндөмсүз жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле социалдык камсыздоо жаатында бирдиктүү саясат жүргүзүү максатында, 18 жашка чейин майыптыгы бар балдарга, ата-энесинин биринен же экөөнөн тең айрылган балдарга, ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - алар 18 айга толгонго чейин, бала кезинен майыптыгы бар адамдарга, жалпы оорунун натыйжасында I, II жана III топтогу майыптыгы бар адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө боюнча функциялар мындан ары да Министрлик тарабынан жүргүзүлүүсү керек.
2024-жылдан баштап камсыздандыруу стажына коюлган талаптардын жогорулашына байланыштуу жарандардын бир бөлүгү камсыздандыруу пенсиясына талапкер боло алышпайт жана социалдык жөлөкпулга кайрылууга аргасыз болушат. Бул абалды эске алуу менен улгайган жарандарды социалдык колдоого багытталган бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети пенсиялык камсыздоого укугу жок улгайган жарандарга (эркектер - 65 жашка чыкканда, аялдар - 60 жашка чыкканда) жана баатыр энелерге (55 жашка чыкканда) берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө боюнча Министрликтин функцияларын Социалдык фондго өткөрүп берүү жөнүндө сунушту колдоого алат.
Ушуга байланыштуу пенсия менен жөлөкпулдун укуктук мүнөзүн аралаштырууга жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жогоруда белгиленген өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн белгилейбиз.
Ошону менен бирге Мыйзам долбоорунда "Баатыр эне" же "Мать-героиня" ордендери менен сыйланган энелердин пенсияларына үстөктөрдүн өлчөмүн 1000 сомдон 5000 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 5-бөлүгүнүн "б" пунктунда багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алуучуларга пенсияга үстөктүн өлчөмү эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайызы өлчөмүндө сактоо каралган. Мындай учурда "Баатыр эне" же "Мать-героиня" ордендери менен сыйланган эне өзүнүн пенсиясынан багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсияга (кайтыш болгон жубайынын пенсиясына) өткөндө, ага кошумча үстөктү көбөйтпөстөн 1000 сом өлчөмүндө сактоо мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон көп балалуу энелерге карата адилетсиздикке алып келет.
Мындан тышкары Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгү менен сунушталган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ата-энесинин биринен же экөөнөн тең айрылган адамдарга бир эле убакта пенсия жана жөлөкпул алуу укугун берүү дагы максатка ылайыксыз болот, анткени мамлекет социалдык камсыздоонун укуктук табиятына жараша бир гана түрүн камсыздоого тийиш. Ошол эле учурда камсыздоонун эки түрүн бир убакта берүү социалдык колдоонун даректүүлүк жана адилеттүүлүк принциптеринин бузулушуна, пенсиялык жана социалдык камсыздоо системасында тең салмактуулуктун бузулушуна, ошондой эле мамлекеттик бюджетке кошумча жүктү алып келет.
Каралып жаткан Мыйзам долбооруна мүмкүн болуучу чыгымдардын финансылык-экономикалык эсептери жарандардын бир гана категориясы үчүн берилген. Мында каржылоо булактары аныкталган эмес, ал эми башка сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча эсептөөлөр жок. Бул келечекте республикалык бюджет үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашырылуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынууга жатпайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул Мыйзам долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт жана аны ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгууну сунуштайт.