Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы 2026-П-17/29-4(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
ченемдик укуктук актыларына алмашуу бюролорун жана
микрофинансылык уюмдарды лицензиялоо маселелери боюнча
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Альянс алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, алмашуу бюролорду жана микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Бакетаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 13-майындагы № 2026-П-17/29-4-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына алмашуу бюролорун жана микрофинансылык уюмдарды лицензиялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө» жобонун:
1) 1-пунктунун:
а) бешинчиабзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттары» - бул юридикалык жактын бюджетке салык төлөөдөн бошотулган өздүк акча каражаттары, ал алмашуу бюросуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн бөлүнүп берилет. Бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы Улуттук банктын алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленет.»;
б) алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
««Лицензиаттын бенефициардык ээси» деген аныктаманы «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мааниде түшүнүү зарыл (мындан ары - бенефициардык ээси).»;
в) жетинчиабзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;
2) төмөнкү мазмундагы 6-2 жана 6-3-пункттар менен толукталсын:
«6-2. Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка сунушталуучу жана бир барактан ашкан документтердин ар бир барагы бирден баяндалып, көктөлүп, номер коюлуп, кол коюлуп, тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Чет өлкөлүк уюштуруучулар/катышуучулар (бенефициарлар) тарабынан чет тилде берилүүчү документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте легалдаштырылууга жана расмий тилге жана зарыл учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине которулууга (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу берилет) тийиш.
Ушул Жободо белгиленген документтер Улуттук банкка толук көлөмдө берилбесе же алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк сунушталган документтер топтомун кароо үчүн бөлүнгөн мөөнөттө документтерди толуктап иштеп чыгууга кайтарып берүүгө укуктуу.
Улуттук банк акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоо жол-жобосу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди сурашы мүмкүн, алар арыз ээлери тарабынан суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө берилүүгө тийиш.
6-3. Өтүнүч ээси ушул Жободо каралган документтер менен бирге алардын жеке маалыматтары Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон адамдардын жеке маалыматтарын ушул Жобого карата 12-тиркемеге ылайык топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш.»;
3) 9-пунктунун:
а) 3-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын;
б) 5 жана 8-пунктчаларындагы «ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага ылайык» деген сөздөр «Улуттук банктын ченемдик укуктук актысында белгиленген алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө суммаларга ылайык» дегенге алмаштырылсын;
в) 10-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча окуудан өткөндүгү тууралуу документ;»;
г) 11-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«11) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун (бенефициардык ээсинин) жана алмашуу бюросунун жетекчисинин жана кызматкеринин (кызматкерлеринин) паспортунун көчүрмөсү;»;
д) төмөнкү мазмундагы 11-1-пунктча менен толукталсын:
«11-1) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун, алмашуу бюросунун жетекчисинин жана кызматкеринин (кызматкерлеринин) паспортунун көчүрмөсү;»;
е) 12-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын;
4) 9-1-пунктунун:
а) 2-пунктчасындагы «ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага ылайык» деген сөздөр «Улуттук банктын ченемдик укуктук актысында белгиленген алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө суммаларга ылайы» дегенге алмаштырылсын;
б) 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук, жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча окуудан өткөндүгү тууралуу документ;»;
в) 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«8) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун, алмашуу бюросунун жетекчисинин жана кызматкеринин (кызматкерлеринин) паспортунун көчүрмөсү;»;
г) төмөнкү мазмундагы 8-1-пунктча менен толукталсын:
«8-1)юридикалык жактын акыркы бенефициарлары жөнүндө маалымат (жеке адамга чейин же акыркы логикалык пайда алуучуга чейин);»;
5) 9-2, 11-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын;
6) 21-пунктундагы «алынып салынат» деген сөздөр «кайтарылып алынат» дегенге алмаштырылсын;
7) 25-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«25. Уюштуруучунун алмашуусу жана юридикалык жактын катышуучуларынын курамынын өзгөрүшү Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.
Улуттук банк менен макулдашуу үчүн Лицензиат Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органында кайра каттоодон өтүү жол-жобосунан өткөнгө чейин жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:
1) уюштуруучунун/катышуучунун курамын өзгөртүүнү макулдашуу жөнүндө өтүнүчтү;
2) катышуучунун чечиминин (бир катышуучу болсо) же катышуучулардын (бирден ашык катышуучу болсо) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу жалпы жыйынында толтурулган протоколдун лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
3) Улуттук банктын алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысындабелгиленген суммаларга ылайык, улуттук валютадагы жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документтерди берүү күнүнө чейин 14 календардык күн гана мурда берилген документтер;
4) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты (8-1-тиркеме);
5) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин потенциалдуу уюштуруучусунун (уюштуруучуларынын)/катышуучусунун (катышуучуларынын) паспортунун(паспортторунун) көчүрмөсү;
6) өзгөртүүлөр киргизилген, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин долбоору.
Сунушталган документтер толук берилсе жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келген шартта, ошондой эле ушул Жобонун 44-пунктуна ылайык баш тартуу үчүн негиздер жок болгон учурда, Улуттук банк бардык зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде лицензиаттын дарегине уюштуруучунун (уюштуруучулардын)/катышуучунун(катышуучулардын) курамын өзгөртүүгө макулдук жөнөтөт.
Ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин лицензиат 10 (он) жумуш күнү ичинде бул тууралуу Улуттук банкка маалымдайт.
Бенефициардык ээси алмашкан учурда лицензиат алмашкан күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен бенефициардык ээсинин алмашкандыгы жөнүндө кабарлоону, ошондой эле бенефициардык ээлеринин паспортторунун/уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш.
Бенефициардык ээлер ушул Жобонун 44-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»;
8) 25-1-пунктунун биринчи абзацында жана 25-1-пунктунун 2-пунктчасындагы «ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага ылайык» деген сөздөр «Улуттук банктын алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген суммаларга ылайык» дегенге алмаштырылсын;
9) төмөнкү мазмундагы 25-2-пункт менен толукталсын:
«25-2. Алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасы 1000000 (бир миллион) сомго же андан ашык өлчөмгө көбөйтүлгөндө, лицензиат 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) билдирүү;
2) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин ыйгарым укуктуу башкаруу органынын алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарын көбөйтүү жөнүндө чечими;
3) өтүнүч ээсинин (юридикалык жак) коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган коммерциялык банктан маалым кат (маалым кат документтер берилген күнгө чейин 14 (он төрт) календардык күндөн эрте эмес берилүүгө тийиш);
4) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты (8-1-тиркеме).
Жүгүртүү каражаттарынын суммасы 1000000 (бир миллион) сомго же андан ашык өлчөмгө азайганда лицензиат 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка билдирүү жөнөтүүгө тийиш, мында алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасы Улуттук банктын алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген суммадан төмөн болбоого тийиш.»;
10) 26 жана 27-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«26. Алмашуу бюросунун ишине катышкан жаңы кызматкерлерди ишке тартууда лицензиат 3 (үч)жумуш күнү ичинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча окуудан өткөндүгү тууралуу документти берүү менен бирге (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы үчүн жооптуу кызматкер алмашкан учурда) бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш.
Өз жетекчиси (юридикалык жактар үчүн), ошондой эле алмашуу бюросунун жетекчиси алмашкан шартта, лицензиат бул тууралуу Улуттук банкка 3 (үч) жумуш күнү ичинде кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
27. Лицензиаттын аталышы өзгөргөн шартта, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны жана кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты ушул Жобонун 28-пунктунун 1-пунктчасынын («а» жана «в») талаптарына ылайык кайра тариздөө зарыл.
Улуттук банк нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны жана кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты кайра тариздөө боюнча арызды бардык зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде карайт.»;
11) 28-пункттун «а» жана «в»пунктчаларындагы «лицензиясын» жана «лицензиясынын» деген сөздөрдөн кийин «жана/же кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты» деген сөздөр менен толукталсын;
12) 32-пунктунун:
а) 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2) кошумча алмашуу бюросу жайгашкан жайды идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган ижара келишиминин көчүрмөсү же лицензиаттын мөөрү менен тастыкталган, кошумча алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү;»;
б) 3-пунктчасындагы «ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага ылайык» деген сөздөр «Улуттук банктын алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген суммаларга ылайык»дегенге алмаштырылсын;
в) 4-пунктчасындагы «жетекчисинин» деген сөздөн кийин «жана кошумча алмашуу бюросунун кызматкеринин (кызматкерлеринин)» деген сөздөр менен толукталсын;
г)6-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«6) кошумча алмашуу бюросун ачуу жана Улуттук банктын алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген суммаларга ылайык кошумча алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүнуюштуруучунун/катышуучунун акча каражаттарын киргизүү жөнүндө чечими;»;
д)төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) «нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук, жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча окуудан өткөндүгү тууралуу документ.»;
13) 32-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кошумча алмашуу бюросун каттоо жөнүндө жаңы кат алуу үчүн ушул Жобонун 9-1-пунктуна ылайык жаңы лицензия алгандан кийин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен юридикалык жак ушул Жобонун 32-пунктунун 1-2, 4-6 жана 8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди жана ушул Жобого карата 8-1-тиркемеге ылайык кошумча алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу (эгер мурда берилбесе) жана/же жүгүртүү каражаттарынын суммасындагы айырма боюнча маалыматты (жүгүртүү каражаттары көбөйтүлсө), ошондой эле Улуттук банктын алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген суммаларга ылайык жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документтерди (документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн кийин гана берилүүгө тийиш) бере алат.»;
14) 38-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«38. Өзүнчө жайгашкан имаратты ижарага алышкан же ээлешкен алмашуу бюролорунун жайларынын, өзүнчө эшиги менен эл жашабаган имараттарды же батирди ижарага алган жайларында төмөнкүлөр болушу керек:
- касса терезелеринде темир тор же брондолгон айнек (коргоо классын тастыктаган жана сапат стандарттарына ылайык келген документтерди тиркөө менен);
- терезелерде металл торлор;
- имаратка кирүү эшиги металлдан жасалган;
- металл торчолор же металл менен капталган дубалдар (эгерде убактылуу же капиталдык эмес кошумча курулуштун дубалдары жеңил каркас конструкциясында жасалган болсо);
- кардарлар менен накталай акча каражаттарын алмашуу боюнча операциялардын жазылышын жана маалыматтардын 1 айдан кем эмес сакталышын камсыз кылган видеобайкоо системасы.
Алмашуу бюролорунун жайларында кардарларды тейлөө касса терезеси аркылуу гана жүзөгө ашырылат.»;
15) 40-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«40.Алмашуу бюросунун кассалык жайында жумушка кабыл алгандыгы тууралуу билдирүү Улуттук банкка жөнөтүлгөн алмашуу бюросунун жетекчиси жана кызматкерлери гана болушу мүмкүн, башка адамдардын кирүүсүнө жол берилбейт. Алмашуу бюросунун кызматкерлеринин өздүк акчалары жана башка буюмдары касса жайынан тышкары жайгашкан өзүнчө бөлмөдө сакталуусу зарыл.»;
16) 43-пунктунун10-абзацындагы «иш аймагында» деген сөз «жайында» дегенгеалмаштырылсын;
17) 44-пунктунун:
а) биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Улуттук банк төмөнкү учурларда лицензия берүүдөн жана каттоодон өткөрүүдөн баш тартат:»;
б) 1-пунктчадагы «лицензия» деген сөздөн кийин «жана кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты» деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-пунктчадагы «лицензия» деген сөздөн кийин «кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты» деген сөздөр менен толукталсын;
г) 3-пунктчадагы «берилгендиги» деген сөз алынып салынсын;
д) 8-пунктчасындагы «өтүнүч ээси» деген сөздөрдөн кийин «(бенефициардык ээлери)» деген сөздөр менен толукталсын;
е) 9-пунктчасындагы:
- «өтүнүч ээси» деген сөздөрдөн кийин «(бенефициардык ээлери)»деген сөздөр менен толукталсын;
- «террористтик» деген сөздөр «кылмыштуу» дегенге алмаштырылсын;
ё) 10-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10) өтүнүч ээсине, уюштуруучусуна/катышуучусуна (бенефициардык ээсине (ээлерине), өтүнүч ээсинин жетекчисине, алмашуу бюросунун (кошумча алмашуу бюросунун) жетекчисине жана/же кызматкерине (кызматкерлерине) карата иштин бул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими болсо;»;
ж) 11, 14, 15 жана 17-пунктчалары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«11) акыркы 5 (беш) жыл ичинде мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берилгендиги үчүн нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы кайтарылып алынган өтүнүч ээси жана/же анын кайсы болбосун катышуучусу кайталап кайрылган учурда (анын ичинде жаңы юридикалык жакты түзүү же башка юридикалык жактын уставдык капиталында катышуу аркылуу);
14) юридикалык жактын-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун «бенефициардык ээси», юридикалык жактын жетекчиси, алмашуу бюросунун (кошумча алмашуу бюросунун) жетекчисинин жана/же кызматкерлердин экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине жол бергендиги үчүн алынып салынбаган жана тындырылбаган соттуулугу болсо;
15) юридикалык жактын-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун (бенефициардык ээси), жетекчисинин, алмашуу бюросунун (кошумча алмашуу бюросунун) жетекчисинин жана/же кызматкерлеринин нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу бузууларга жол бергендиги үчүн төлөнбөгөн карызы (айыптык төлөм) болсо;
17) лицензиянын мөөнөтү аяктагандан кийин, анын ичинде Жобонун 9, 9-1, 32 жана 32-1-пункттарына ылайык, жаңы лицензияны/кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөргөндүгү тууралуу катты алуу үчүн документтерди тапшыруу жана кароо учурунда нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;»;
з) төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Ушул пункттун 1, 2, 5 жана 8-15-пунктчалары катышуучуну алмаштырууга жана лицензиаттын катышуучуларынын курамы өзгөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары да колдонулушу мүмкүн.»;
18) 45-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү лицензияны берүүдөн/кошумча алмашуу бюросун каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ал тууралуу жазуу жүзүндө өтүнүч ээсине маалымдайт.»;
19) 49-пунктунун:
а) 1-абзацындагы «эскертүү» деген сөз алып салынсын;
б) 1-пунктчасындагы «террористтик» деген сөз «кылмыштуу» дегенге алмаштырылсын;
20) 51-пунктунун:
а) 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууга лицензиясы бар юридикалык жактын, анын ичинде ушул юридикалык жактын уюштуруучусуна (уюштуруучуларына)/катышуучусуна (катышуучуларына) (бенефициардык ээсине) карата да иштин бул түрүн аткарууга тыюу салган, соттун мыйзамдуу күчүндөгү чечими болсо;»;
б) 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3) сезондук негизде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган алмашуу бюросун эске албаганда, алмашуу бюросу 3 (үч) календардык ай катары менен өз ишин жүзөгө ашырбаса;»;
в) 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«5) алмашуу бюролорунун кызмат көрсөтүүлөрүнө карата керектөөчүлөрдүн кайрылуусунда баяндалган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары тастыкталса;»;
21) 52-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
22) «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө» жобого карата 8-1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: