Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 30-июнь №8
“Багыш айыл аймагынын
“Ардактуу атуулу”наамын
ыйгаруу жөнүндө”
Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь Жалпы Дарыгердик Практика Борборунун жамаатынын атынан Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Нарматова Омуркан Абдыкадыровнага ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл аймагында Багыш айыл ѳкмѳтүнүн социалдыкэкономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, үзүрлүү эмгеги жана эмгекте жетишкен ийгиликтери үчүн Нарматова Омуркан Абдыкадыровна Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|