Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 30-июнь №11
“Багыш айыл аймагынын
“Ардактуу атуулу”наамын
ыйгаруу жөнүндө”
Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Жалал-Абад облусунун «Ѳрткѳ каршы кызматынын ардагерлер кеңеши» коомдук бирикмесинин жамаатынын атынан Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Октябрь Сузак району боюнча Ѳзгѳчѳ кырдалдаар бѳлүмүнүн №59 ѳрткѳ каршы-куткаруу бѳлүгүнүн ардагери, Октябрь айылынын тургуну Мамбеталиев Кадырбек Учукеевичке ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл аймагынын тынчтыгын бекемдѳѳгѳ, адам ѳмүрүн жана материалдык баалуулуктардын сакталышына кошкон зор салымы, үзүрлүү эмгеги жана эмгекте жетишкен ийгиликтери үчүн Мамбеталиев Кадырбек Учукеевичке Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|