Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 28-июль №1
“Багыш айыл өкмөтүнө берилип жаткан
экскаватор техникасын муниципалдык менчикке
алууга макулдук берүү жөнүндө”
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 23-июлундагы 01-15/216 сандуу “Суу ресурстары, айыл чарба жана иштетүү ѳнѳр жай министирлиги тарабынан берилип жаткан экскаватор техникасын муниципалдык менчикке кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405токтомунун тиркемеси “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке ѳткѳзүп берүү жѳнүндѳ” катын негиздеп, Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин талкуулап, Багыш айылдык кеңешинин кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековдүн берген маалыматы эске алынсын.
2. Багыш айыл өкмөтүнө Сузак райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан берилип жаткан экскаватор техникасын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын тѳрагасы Э.Жолборсовго жүктѳлсүн.
5. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
Ч.Мурзаканов
|