Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 13-август №1
“Багыш айыл өкмөтүнө
“Мамлекеттик лизинг компаниясы”
ачык акционердик коому аркылуу
кызматтык унаа алууга макулдук
берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 1-августундагы чыгыш № 01-13/696 сандуу катын, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2025-жылдын 30- июлундагы чыгыш № 1-08-2/210 сандуу катын жана Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 23-июлундагы 01-26/1644 сандуу катын негиздеп, Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин талкуулап, Багыш айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы Адылбек уулу Бакытбектин берген маалыматы эске алынсын.
2. Багыш айыл өкмөтүнө лизингге кызматтык унааны “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу алууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын тѳрагасы Э.Жолборсовго жүктѳлсүн.
5. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|