Редакцияот 13.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезексиз    X сессиясы

 

2025-жылдын 13-август №2

 

“Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы №572 контурунда

жайгашкан айыл чарбагытындагы сугат 13,5 гектар жер

аянтынын категориясын ѳзгѳртүүгѳ макулдук берүү жөнүндө”

 

        Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 08-августундагы №01-15/236 сандуу “Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Ѳзбекистан темир жолу курула турганына байланыштуу Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы №572 контурунда жайгашкан 13,5 гектар жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жер» шарттуу сугат категориясынан «Калктуу конуш жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө” кайрылууларын жана карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Ѳзбекистан темир жолу курула турганына байланыштуу, Багыш айыл аймагындагы №572 контурунан 13,5 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жер» шарттуу сугат категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Түгѳйбеков Нурсултанга милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан Жалал-Абад областык юстиция органдарынан каттоодон өткөндѳн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

 

                   К.Кулмамбетов