Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №1
“Багыш айыл ѳкмѳтү тарабынан түрткү берүүчү грантка
сунушталуучу долбоорлорго колдоо кѳрсѳтүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 09-сентябырындагы №01-15/252 сандуу “Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Кедей-Арык айылындагы Т.Турдукулов кѳчѳсүнүн жолун асфальттоо үчүн түрткү берүүчү грантка долбоорду сунуштоо жѳнүндѳ” кайрылуусун негиздеп, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Кедей-Арык айылындагы Т.Турдукулов кѳчѳсүнүн ички жолун асфальттоо үчүн долбоор мамлекеттик түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
2. Долбоорго Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 3 230 500 (Үч миллион эки жүз отуз миң беш жүз) сом акча каражаты долбоордун кош каржылоосуна бѳлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Багыш айылдык кенешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат кѳрсѳтүү жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыяланып жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|