Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №5
“Багыш айыл ѳкмѳтү тарабынан Жалал-Абад
областык ѳнүктүрүү фондуна сунушталуучу
долбоорго колдоо кѳрсѳтүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 09-сентябырындагы №01-15/264 сандуу “Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылындагы Н.Кулмамбетов кѳчѳсүнѳ эки бетине 3 километрге тротуар жасоо жана лоток орнотуу үчүн Жалал-Абад областык ѳнүктүрүү фондуна долбоорду сунуштоо жѳнүндѳ” кайрылуусун негиздеп, Багыш айылдык кеңешинин Бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылындагы Н.Кулмамбетов кѳчѳсүнѳ эки бетине 3 километрге тротуар жасоо жана лоток орнотуу үчүн долбоор Жалал-Абад областык ѳнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Долбоорго Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 2 610 249 (Эки миллион алты жүз он миң эки жүз кырк тогуз) сом акча каражаты долбоордун кош каржылоосуна бѳлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Багыш айылдык кенешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат кѳрсѳтүү жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыяланып жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|