Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №6
“Багыш айыл ѳкмѳтү тарабынан Жалал-Абад
областык ѳнүктүрүү фондуна сунушталуучу
долбоорго колдоо кѳрсѳтүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 04-октябрындагы №01-15/271-1 сандуу ““Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылындагы Т.Тайгараев атындагы эс алуу багына таза суу скважинасын куруу” долбоорун Жалал-Абад областык ѳнүктүрүү фондуна долбоорду сунуштоо жѳнүндѳ” кайрылуусун негиздеп, Багыш айылдык кеңешинин Бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылындагы Т.Тайгараев атындагы эс алуу багына таза суу скважинасын куруу үчүн долбоор Жалал-Абад областык ѳнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Багыш айылдык кенешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат кѳрсѳтүү жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыяланып жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|