Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №8
“Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын
Ленин кѳчѳсүндѳгү идентификациялык 3-05-09-00-26-0001
сандуу номери менен катталган 128000 чарчы метр жер
аянтты муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Кыргыз республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 16-сентябрындагы 01-26/2008 сандуу « Маматов Урматбек Самаганович ѳз каалоосу менен Багыш айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳзүп бергендигине байланыштуу, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жѳнүндѳгү» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын Ленин кѳчѳсүндѳгү идентификациялык 3-05-09-00-26-0001 сандуу номери менен катталган баасы 228 954 000 сомдук 128000 чарчы метр жер аянтты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|