Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногунда жеке
инвестициялык эсепти ачуу жана жүргүзүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү, пайдаланууну чектөө жана жабуу тартибин, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жеке инвестициялык эсептерди жүргүзүү менен байланышкан талаптарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт.
2. Жеке инвестициялык эсеп баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан жеке жакка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү жана башка инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кардардын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын жана милдеттенмелерин эсепке алуу үчүн ачылган атайын брокердик эсепти же ишенимдүү башкаруу эсебин билдирет.
3. Жеке инвестициялык эсептерди жүргүзүү менен байланышкан баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти брокердик ишке жана (же) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишке колдонуудагы лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары (мындан ары – жеке инвестициялык эсептин оператору) жүзөгө ашырат.
Жеке инвестициялык эсептин оператору өз ишин болгон лицензиянын чегинде гана жүзөгө ашырат.
4. Жеке инвестициялык эсеп жеке жак менен баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ортосунда түзүлгөн брокердик тейлөө келишиминин же инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде ачылат.
5. Жеке инвестициялык эсептин алкагында Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмитенттеринин баалуу кагаздары менен гана операцияларга жол берилет жана Кыргыз Республикасынын же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук депозитардык инфраструктурасы аркылуу эсепке алынат.
2-глава. Жеке инвестициялык эсепти ачуу тартиби
6. Жеке инвестициялык эсепти ачуу мөөнөтү – документтердин жана маалыматтардын толук комплекти берилген учурдан тартып 5 (беш) жумуш күн, анын ичине төмөнкүлөр кирет:
– жеке инвестициялык эсептин операторунун ички документтерине ылайык форма боюнча жеке инвестициялык эсепти ачууга арыз;
– ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН);
– террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген кардарды идентификациялоо анкетасы;
– ушул Тартиптин тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук.