Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июну № 7
Ак-Башат айыл аймагынын айылдык кеңешинин иши жөнүндө жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24-Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу”, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 86- беренесинин,Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ак-Башат айылдык ккеңеши токтом кылат :
1.Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын айылдык кеңешинин мекемесин түзүү.
2.Толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;
- расмий тилде: Учреждение « Айылный кенеш Ак-Башатского айылного аймака Жайылского района Чуйской области».
Айылдык кеңештин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде – “ Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңеши” М-е;
- расмий тилде У-е « Ак-Башатский айылный кенеш Жайылского района ».
3. Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин төмөнкүдөй юридикалык дареги аныкталсын:
Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Жайыл району, Новониколаевка айылы, Школьный көчөсү 42 б
4. Чүй облусунун Жайыл районун Ак-Башат айыл аймагынын айылдык кеңешинин иши жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында “Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөрүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
8. Ушуну менен юридикалык жакты түзүү жөнүндө ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар анык экендигин жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы тастыкталат.
Төрага |
| И.С.Рыскулов |
|
| БЕКИТИЛДИ: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026 жылдын _______________ №_____ токтому менен ______________Рыскулов И.С. |
1. Жалпыжоболор
1. Ак-Башат айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( мындан ары- Ак-Башат айылдык кеңеш) ушул жобо юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
2. Ак-Башат айылдык кеңеш – өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде айылдык кеңештин 21 депутаттарынан турган Ак-Башат айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
3. Ак-Башат айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;
- расмий тилде учреждение «Айылный кенеш Ак-Башатского айылного аймака Жайылского района Чуйской области».
Айылдык кеңештин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Ак-Башат айылдык кеңеши” М-е;
- расмий тилде У-е « Ак-Башатский айылный кенеш».
Юридикалык дареги:
Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Жайыл району, Новониколаевка айылы, Школьный көчөсү 42 б
4. Ак-Башат айылдык кеңеши өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Ак-Башат айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
6. Ак-Башат айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
7. Ак-Башат айылдык кеңештин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.