Загрузка документа…
Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер
ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - МКП) - бул Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык МКПны ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алуу укуктарын камсыздоочу медициналык-санитардык жардам берүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары. МКП Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген методологиянын негизинде иштелип чыккан.
2. МКПнын максаты - клиникалык-экономикалык натыйжалуулуктун, оорулардын түйшүгүнүн, социалдык маанилүүлүгүнүн, калкты финансылык жактан коргоонун негизинде профилактикалык иш-чараларды биринчи кезекте жүргүзүүнү, калктын саламаттыгын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн саламаттык сактоо ресурстарын туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу менен медициналык жардамдын пакеттеринин артыкчылыгын аныктоо аркылуу калкты сапаттуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен жалпы камтууга жетишүү.
3. МКПнын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;
2) бейтапка багытталгандык;
3) финансылык коргоо;
4) оорулардын түйшүгүн азайтуу;
5) ооруларды профилактикалоого артыкчылык берүү;
6) өлүмдүн алдын алуу;
7) экономикалык натыйжалуулук.
4. МКПны каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;
2) мамлекеттик базалык жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары катары өткөрүп берилүүчү республикалык бюджеттин ассигнованиелеринин;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын;
4) ыктыярдуу төгүмдөрдүн - юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет элдиктердин өз алдынча чегерүүлөрүнүн;
5) эл аралык уюмдардан, донор өлкөлөрдөн алынган гранттардын, кредиттердин;
6) кошо төлөмдөрдүн;
7) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын.
5. МКП боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн түрлөрү жана көлөмдөрү саламаттык сактоо системасын республикалык бюджеттен жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу органдын бюджетинен каржылоонун чегинде белгиленет.
6. МКП боюнча медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик эмес менчик формадагы саламаттык сактоо уюмдары жана дарыкана мекемелери тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы менен түзүлгөн келишимдердин негизинде көрсөтүлүшү мүмкүн.
7. МКП пакеттик ыкманын негизинде ишке ашырылат. Милдеттенме бирдиги болуп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүн жалпы камтуу боюнча компедиумун пайдалануу менен түзүлгөн медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакети болуп саналат. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакети - бул калктын максаттуу топторунун саламаттыгын жакшыртуу боюнча конкреттүү натыйжаларына жетүүгө багытталган медициналык (профилактикалык, диагностикалык, дарылоо) иш-чаралардын стратегиялык жактан иштелип чыккан топтому.
8. МКПнын алкагында медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү жана көлөмү ушул МКПнын "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагындагы медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттеринин тизмегине" деген 1-тиркемесине (мындан ары - МКПнын пакеттеринин тизмеги) ылайык медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттери менен берилген. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр пакеттеринин тизмеги клиникалык тармактар жана бөлүмдөр боюнча түзүмдөштүрүлгөн жана Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген базалык пакети жана Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча пакети түрүндө көрсөтүлгөн. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген базалык пакети (мындан ары - базалык пакет) Кыргыз Республикасынын бардык катталган жарандарына, статусун тастыктаган күбөлүк болгон учурда качкындарга жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдарга, кайрылмандарга, ошондой эле "Мекен-картасы" бар чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге акысыз негизде медициналык кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүнчүлүк берүүнү карайт. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча пакети (мындан ары - кошумча пакет) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган Кыргыз Республикасынын жарандарынын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген шарттарда алуусун карайт.
9. МКПдан тышкары көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү жана көлөмү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын аткаруучу органы тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Апробация мезгилинде (2027-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин) ушул МКП Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен аныкталган пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында катталган жана/же медициналык жардам алган жарандарга карата гана колдонулат.