Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 30-июнундагы № П-288 буйругу менен бекитилди) |
Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы
1-глава. Формалык кийимдин негизги элементтеринин сыпаттамасы
2-глава. Айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы
1-глава. Формалык кийимдин негизги элементтеринин сыпаттамасы
1. Формалык фуражка Фуражка кочкул көк кездемеден, ал эми тегерете кыры жана төбөсү жашыл милтеден даярдалат. Кырына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга филиграндан кош өрүлгөн боо тагылат, кырында алтын жалатылган кокарда жайгашкан. Фуражканын маңдайкы калканчы кара, лакталган. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси жана андан жогору атайын наамы бар адамдардын фуражкасынын кебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгашкан. Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн кырындагы маңдайкы калканчынын үстүндө алтын жалатылган филиграндык боодон тышкары симметриялуу жайгашкан эки эмен бутактары түрүндөгү алтын түстөгү саймалуу жасалга бар. Жайкы фуражка ак же боз түстө болушу мүмкүн. Аялдарга фуражканын ордуна ак же кочкул көк түстөгү, кырлары көк-жашыл түстөгү тегерек формадагы (берет же пилотка) баш кийим берилет. |
2. Кепка Кепка-бейсболка кочкул көк түстөгү кебез кездемеден тигилет. Кепканын алдыңкы бөлүгүндө алтын түстөгү салык кызматынын органдарынын эмблемасы жайгашкан. | |
Кышкы кепи (камуфляждалган) Кышкы кепи кочкул-коргоочу (камуфляждалган марпат блю) түсүндөгү кездемеден тигилип, сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, маңдайдан жана кайрылган жээктен турат. Кепинин эки капталына тегерекчелерден жел кирме үч көзөнөкчө салынган. Фуражканын алкагынын алдыңкы жагында салык кызматынын органдарынын символикасы түшүрүлгөн, коргоочу түстөгү кокарда жайгашкан. Жайкы (камуфляждалган) кепи конструкциясы боюнча кышкы (камуфляждалган) кепкага окшош болуп, жеңилдетилген кездемеден даярдалат жана кайырма кулакчалары (кулактары) жок болот. |
3. Кулакчындуу тумак Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси жана андан жогору курамдагы атайын наамы бар адамдар үчүн тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн тигилген. Төбөсү төрт кыйыктан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул көк түстөгү күдөрүдөн жасалат. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат. Маңдай кырынын алды жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда жайгашкан. Салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчисине чейин атайын наамы бар адамдар үчүн тумак окшош үлгүдө тигилет, мында аны тигүү үчүн кара түстөгү жарым жүн кездеме колдонулат. | |
4. Бапак Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү табигый каракүлдөн жасалат. Калпак төрт кыйыктан туруп, кочкул көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүнүн үстү жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон көк түстөгү околуу тасма бастыра тигилген.Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет. Эркектер үчүн бапак жогорку курамдагы жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамы бар адамдарга гана берилет. Жогорку курамдагы жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамы бар аялдар үчүн боз түстөгү табигый каракүлдөн тигилген берет берилет. |
5. Галстук Галстук кочкул көк же кара түстөгү жибек сымал, курч бурч менен аяктаган узун трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат. | |
6. Кочкул көк же кара түстө галстук-бант үстү тик бурчтуу түйүн жана тик бурчтуу формада илинген эки лентадан турат. Жашыруун бекиткичтин жардамы менен формалык көйнөктүн жакасынын астына бекитилет. |
7. Мээлей – суук мезгилде колду коргоого арналган, кара түстөгү, мех менен жылууланган кышкы форма кийиминин элементи. | |
8. Моюн орогуч – жылдын суук мезгилинде моюнду сууктан коргоо үчүн колдонулуучу, жоолук түрүндөгү кышкы формалык кийимдин элементи, боз, ак же кочкул көк түстө (форманын комплектине жараша) жасалат. |
9. Көйнөк Кыска жеңдүү көйнөк ак же көгүш түстөгү кездемеден тигилип, кайырма жана тик жакалуу, бүктөмү жана жапкычы бар эки төш чөнтөктүү. Алды этегине чейин ачык жана кайып тигилген планкадагы бекиткич менен жасалат. Учасы кокеткалуу. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана куру топчуга топчуланат, ал эми бели резина менен бекемделет. Узун жеңдүү көйнөк ак же көгүш түстөгү кездемеден тигилип, кайырма жана тик жакалуу, бүктөмү жана жапкычы бар эки төш чөнтөктүү. Алды этегине чейин ачык жана кайып тигилген планкадагы бекиткич менен жасалат. Учасы кокеткалуу. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана куру топчуга топчуланат, ал эми бели резина менен бекемделет. Аялдар үчүн сол жагына топчуланат. |