Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №9
“Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Беш-Бала айылында
эски скважина жайгашкан 0,70 гектар жер аянтты
муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Кыргыз республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 16-сентябрындагы 01-26/2010 сандуу «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Беш-Бала айылындагы эски скважина 0,70 гектар жер аянтты Чодоева Гульнар Курбановна ѳз каалоосу менен багыш айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳзүп бергендигине байланыштуу, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алып берүү жѳнүндѳгү» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Беш-Бала айылында эски скважина жайгашкан 0,70 гектар жер аянтты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|