Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №11
“Багыш айыл өкмөтүнүн Багыш айылынын
Т.Момунов кичи кѳчѳсүнѳ маркум, коомдук
ишмер Карабеков Кадырбек Мамакушевичтин
ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7- беренесине ылайык, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 30-сентябрындагы 01-26/2107 сандуу «Багыш айылынын Т.Момунов кичи кѳчѳсүнѳ маркум, коомдук ишмер Карабеков Кадырбек Мамакушевичтин ысымын коуюга уруксат берүү жѳнүндѳгү» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн Багыш айылынын Т.Момунов кичи кѳчѳсүнѳ маркум, коомдук ишмер Карабеков Кадырбек Мамакушевичтин ысымы ыйгарылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
4.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|