Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №12
“Багыш айыл аймагында жергиликтүү
коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн
жыйынын ѳткѳрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29- сентябрындагы №270_сандуу Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №03-2/6420 сандуу катын негиздеп, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10:00до, Октябрь айылындагы №9 И.В.Мичурин атындагы мектебинин имаратында өткөрүлсүн.
2. Багыш айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын ѳкүлдѳрүнүн жалпы саны 150 (Жүз элүү) адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн: - Беш-Бала айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 14 адам; - Багыш айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 14 адам;
- Кызыл-Туу айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 6 адам;
- Сары-Булак айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 7 адам;
- Октябрь-1 айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 18 адам;
- Октябрь-2 айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 17 адам;
- Октябрь-3 айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 17 адам;
- Сафаровка, айылдары боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 10 адам;
- Кедей-Арык айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 7 адам.
- Ленин айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 15 адам.
- Орто-Сай айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 9 адам.
- Жыгач-Коргон айылы боюнча ѳкүлдѳрүнүн саны 16 адам.
3. Ар бир аймактын бөлүктөрүндө жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына ѳкүлдѳрдү шайлоо боюнча жарандык жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына ѳкүлдѳрдү шайлоо боюнча аймактын бөлүгүндө жарандык жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу болуп 12 айылдан шайланган депутаттарга
№1 тиркемеге ылайык милдеттендирилсин.
№ Айылдын аталышы Элдик жыйындын ѳткѳрүлгѳн жери Элдик жыйындын датасы, убактысы
1 Октябрь-1 И.Мичурин мектеби, жыйындар залы 17.10.2025-ж. саат 12-00
2 Октябрь-2 “Кѳк-Кыя Будун” мечити 17.10.2025-ж. саат 14-00
3 Октябрь-3 Р.Исманалиев мектеби, жыйындар залы 20.10.2025-ж. саат 14-00
4 Багыш Т.Арзыкулова мектеби, жыйындар залы 20.10.2025-ж. саат 14-00
5 Сафаровка Ж.Бѳкѳнбаев мектеби, жыйындар залы 21.10.2025-ж. саат 14-00
6 Кедей-Арык Т.Тайгараев мектеби, жыйындар залы 17.10.2025-ж. саат 14-00
7 Кызыл-Туу Т.Арзыкулова мектеби, жыйындар залы 20.10.2025-ж. саат 14-00
8 Ленин Маданият үйү 22.10.2025-ж. саат 14-00
9 Орто-Сай Жеенбеков мектеби, жыйындар залы 22.10.205-ж. саат 14-00
10 Жыгач-Коргон Тажибаев мектеби, жыйындар залы 21.10.2025-ж. саат 12-00
11 Беш-Бала Мечит, жыйындар залы 22.10.2025-ж. саат 15-00
12 Сары-Булак Ж.Бѳкѳнбаев мектеби, жыйындар залы 21.10.2025-ж. саат 15-00
5. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 7 (Жети) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
- Кулмамбетов К.М. - Багыш айылдык кеңешинин тѳрагасы, жумушчу топтун тѳрагасы;
- Акумбаева М.Р. - Багыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;
Жумушчу топтун мүчѳлѳрү:
- Алимбекова Ы. - Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башкы адис;
- Койчубек к Г. - Багыш айылдык кенешинин адиси;
- Исмаилов Ж. - Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аксакалдар кеңешинин тѳрагасы.
- Маматканова Ж. -Багыш айылдык кеңешинин депутаты.
- Джолдошева Г. -Багыш айылдык кеңешинин депутаты.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
7. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыяланып жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|