Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №13
“Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Ленин айылындагы
Долборлоо, Порощай кѳчѳлѳрүндѳ жайгашкан
жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу,
мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана категориясын
которууга макулдук берүү ж”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн жетекчилиги, 2025-жылдын 23-сентябрындагы 01-26/2043 сандуу «Багыш айыл аймагынын Ленин айылынында жайгашкан Долборлоо көчөсүндөгү идентификациялык 3-05308-1001-0555 сандуу номер менен катталган 0,68 гектар жер аянтын, Долборлоо көчөсүндөгү идентификациялык 3-05308-1001-00725 сандуу номер менен катталган 0.70 гектар жер аянтын, Н.Прощай көчөсүндөгү муниципалдык жер аянтына идентификациялык 3-05308-1001-0720 сандуу номер менен катталган 2,69 гектар жер аянтына бириктирип 4,07 гектар жер аянтын муниципалдык менчикке алуу менен көп кабаттуу турак-жай курууга Мамлекеттик ипотекалык компанияга мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук жана Долборлоо көчөсүндөгү идентификациялык 3-05308-1001-0555 сандуу номер менен катталган 0,68гектар жер аянты, Долборлоо көчөсүндөгү идентификациялык 3-05308-1001-00725 сандуу номер менен катталган 0,07 гектар жер аянты, баары 1,38 гектар жер аянтын “Өнөр жай, транспорт, байланыш,коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери категориясына которууга макулдук берүү жѳнүндѳгү» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Ленин айылында жайгашкан Долборлоо көчөсүндөгү идентификациялык 3-05308-1001-0555 сандуу номер менен катталган 0,68 гектар жер аянтын, Долборлоо көчөсүндөгү идентификациялык 3-05308-1001-00725 сандуу номер менен катталган 0,70 гектар жер аянтын, Н.Прощай көчөсүндөгү муниципалдык жер аянтына идентификациялык 3-05308-1001-0720 сандуу номер менен катталган 2,69 гектар жер аянтына бириктирип 4,07 гектар жер аянтын муниципалдык менчикке алуу менен көп кабаттуу турак-жай курууга Мамлекеттик ипотекалык компанияга мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Ленин айылында жайгашкан Долборлоо көчөсүндөгү идентификациялык 3-05308-1001-0555 сандуу номер менен катталган 0,68 гектар жер аянты, Долборлоо көчөсүндөгү идентификациялык 3-05308-1001-00725 сандуу номер менен катталган 0,07 гектар жер аянты баары 1,38 гектар жер аянтын “Өнөр жай, транспорт, байланыш,коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
5. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|