Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №14
“Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын
Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳгү идентификациялык 3-05-09-1005-1882
сандуу номери менен катталган 0,08 гектар жер
аянтты муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Кыргыз республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын, Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 02-октябрындагы 01-26/2128 сандуу “Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылында жайгашкан Б.Калдыбаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги Т. Тайгараев атындагы эс алуу паркынын территориясынан жеке менчикке берилип кеткен идентификациялык 3-05-09-1005-1882 сандуу номери менен Орозбаев Азамат Орозбаевичке соода алдындагы катталган жер аянтын Т.Тайгараев атындагы эс алуу паркынын териториясына кошууга муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндөгү” кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳгү идентификациялык 3-05-09-1005-1882 сандуу номери менен катталган 0,08 гектар жер аянтты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|