Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь №18
“Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын
Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳгү идентификациялык 3-05-09-1005-1885
сандуу номери менен катталган 17,4 чарчы метр жер
аянтты муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Кыргыз республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын, Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 02-октябрындагы 01-26/2130 сандуу «Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылында жайгашкан Б.Калдыбаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги Т. Тайгараев атындагы эс алуу паркынын территориясынан жеке менчикке берилип кеткен идентификациялык 3-05-09-1005-1885 сандуу номери менен Сатыбалдиев Чыракбек Маликовичке соода алдындагы катталган17,4 чарчы метр жер аянтын Т.Тайгараев атындагы эс алуу паркынын территориясына кошууга муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндөгү» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳгү идентификациялык 3-05-09-1005-1885 сандуу номери менен катталган 17,4 чарчы метр жер аянтты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага
|
К.Кулмамбетов
|