Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 12-февралы № 3
“Багыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын
1-январына калган калдыгын бекитүү жөнүндө”
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Багыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 8707,6 миң сом, атайын каражаттан 2 562,4 миң сом калдыгын жумшоо жөнүндө Багыш айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетинин билдирүүлөрүн угуп, сунушун карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 8707,6 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык №1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
2. 2026-жылдын 1-январына калган ата-энелер төлөмдөрүнөн үнөмдөлгөн 1 802,1 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык 2025-жылга балдар бакчаларын тамак-аш менен камсыз кылган жеткирүүчүгө айыл өкмөтүнүн карызы жоктугун эске алуу менен жана ата-энелердин жыйналыштарынын протоколдорунун, балдар бакчаларынын жетекчилеринин кайрылууларынын негизинде балдар бакчаларынын муктаждыктарына ылайык №2-тиркемеге, ал эми Укеев көчөсүнүн тургундарынын көчөнүн асфальттоосуна өздүк салым үчүн төлөнүп, пайдаланылбай калган 760,3 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык көчөнүн тургундарынын 02.02.2026-жылдагы жыйналышынын протоколунун негизинде №3-тиркемеге ылайык жумшалсын
.3. 2026-жылдын бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү СЭӨБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Аталган токтом Багыш айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|