Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 12-февралы № 4
“Багыш айыл аймагынын Сафаровка
айылынын атын ѳзгѳртүүгѳ макулдук
берүү жонундо”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы № 149 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө Жобосу негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2026-жылдан 04-февралындагы №01-15/245 сандуу «Сафаровка айылынын тургундарынан “Сафаровка” айылынын атын “Жаңы-Күч” айылы деп ѳзгѳртүп берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Багыш айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы кезексиз XIV сессиясынын №1 токтому жокко чыгарылсын.
2.Багыш айыл аймагынын «Сафаровка» айылынын атын «Жаңы-Күч» айылы деп ѳзгѳртүүгѳ макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|