Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 12-февралы № 5
“Багыш айыл аймагынын Октябрь
айылынын атын ѳзгѳртүүгѳ макулдук
берүү жөнундо”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы № 149 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө Жобосу негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2026-жылдан 03-февралындагы №01-15/17 сандуу «Октябрь айылынын тургундарынан “Октябрь” айылынын атын “Достук” айылы деп ѳзгѳртүп берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Багыш айыл аймагынын «Октябрь» айылынын атын «Достук» айылы деп ѳзгѳртүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|