Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БИРИККЕН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫНЫН
14-май 2025-жыл № 1
Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген
бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде, мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн акча каражаттарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында. Бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап
Багыш айылдык токтом кылат:
1. Бюджеттик каражаттан Багыш айылдык кенешинин 24-февраль 2025-жылдагы №1-токтому менен бекитилген тѳмѳндѳгү акча каражаттары Ш.Жаанбаев көчөсүнүн трансформаторун оңдоо жана жылдырууга 150,0 миң сом акча каражаты 706-бөлүмдүн 3111 (Имараттар жана курулуштар) беренесине аты аталган көчөгө электр мамычасын, чубалгысын алуу үчүн жылдырылсын.
-Көчөлөргө шагыл төшөөгө каралган 300,0 миң сом акча каражатынын 80,0 миң сому күйүүчү май сатып алууга 706-бѳлүмдүн 2214 (Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр) беренесине жылдырылсын.
-Исманалиев мектебинин учурдагы оңдоосуна каралган 241,2 миң сом акча каражаты 70921-бөлүмдүн 2215 (Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) беренесине ушул эле мектептин жасалгалоосу үчүн жылдырылсын.
-Айыл өкмөтүнүн имаратынын капиталдык оңдоосуна каралган акча каражатынын 1000,0 миң сому 701-бөлүмдүн 2215 (Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) беренесине проектик-сметалык документтерди жасоого, ал эми 1000,0 миң сому 706-бөлүмдүн 3111 (Имараттар жана курулуштар) скважинага керектүү материалдарды алуу үчүн жылдырылсын.
-8-Март майрамына каралган иш чарага 80,0 миң сом акча каражаты 19-май энелер күнүнө арналган иш чарага жумшоосу белгиленсин.
2. 2025-жылдын бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Багыш айылдык кенешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат кѳрсѳтүү жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага К.Кулмамбетов