Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БИРИККЕН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫНЫН
14-май 2025-жыл №12
Багыш айыл аймагынын
“Ардактуу атуулу”наамын
ыйгаруу жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Орто-Сай айылынын жамаатынын атынан Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Чияшова Турсунайга ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл аймагында Багыш айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-
экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, үзүрлүү эмгеги жана эмгекте жетишкен ийгиликтери үчүн Чияшова Турсунайга Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага К.Кулмамбетов