Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
25-февраль 2025-жыл №29-4/5
«Каракол шаарынын аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы кѳрʏнʏшʏ боюнча талаптар жана маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелерин» жана фасад паспортун бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун,2025-жылдын 29-январындагы, чыг:№01-17-328 жана Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги Э.Т.Кашимбековдун, 2025-жылдын 28-январындагы чыг:01-12-37 каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
токтом кылат:
1. «Каракол шаарынын аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы кѳрʏнʏшʏ боюнча талаптар жана маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери» (тиркеме 1), фасаддын паспорту (тиркеме 2) бекитилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы менен Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы иш жʏргʏзʏʏдѳ, ушул токтомдун 1-пунктун так аткарышсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешининжерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага А.А.Сапарбеков
Каракол шаардык Кеңешинин
2025-жылдын 25 февралынын №29-4/5 токтомунун
№1 тиркемеси
Каракол шаарынын аймагындагыимараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар жанамаалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялооэрежелери
4. Каракол шаарынын аймагындагы маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, паспорту бар имараттар менен курулуштарды эске албаганда, шаар куруу жана архитектура Департаментинин Каракол шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы (мындан ары – Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы) берген Шаар куруу корутундуларына (мындан ары - ШК) ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардагы тексттер, анын ичинде ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аталыштары алгач милдеттүү турдө мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде таризделет.
Жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.
Жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык басмаканада терилген муундук литерлер (логотиптер) түп нускадагы тилде берилиши мүмкүн.
Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык жана орфографиялык эрежелер) так сакталууга тийиш.
6.Ушул Эрежелер жол кыймылын билдирүүчү белгилерге жана жол-көчө тармагындагы көрсөткүч белгилерге жайылтылбайт.
7. Имараттардын, курулуштардын ээлери жана аларды күтүү милдетин алышкан адамдар аларды эксплуатациялоонун техникалык талаптарын, ушул Эрежелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
8. Ушул Эрежелер тарыхый-маданий мурас объектиси болуп саналган жана эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кирген имараттардын фасадына жайылтылбайт.
9. Турак жайлардын, курулмалардын ушул Эрежелердин талаптарына жооп бербеген фасаддары аларды реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун алкагында талапка ылайык келтирилиши зарыл.
10. Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Эрежелерде берилген талаптардын аткарылышына контролдук кылат:
- Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
- Каракол шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы.
11. Ушул Эрежелерде колдонулуучу түшүнүктөр:
акцент –өлчөм, форма, түс аркылуу композиция элементтерин бөлүп көрсөтүү ыкмасы;
шаар куруу корутундусу - маалыматтык-жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча тексттик, графикалык материалдарды жана техникалык талаптарды камтыган документ;
архитектуралык-мейкиндик чөйрө – каралып жаткан аймакты же объектти курчап турган жана аймакты же объектти чөйрөнүн бир бөлүгү катары көрсөтүүчү имараттардын, курулмалардын жана элементтердин чөйрөсү;
архитектуралык чечим - курулуш документациясынын архитектуралык бөлүгүндө жазылган жана курулган архитектуралык объектте ишке ашырылуучу архитектуралык объекттин, анын тышкы жана ички көрүнүшүнүн, мейкиндик-пландык жана функционалдык уюштурулушунун автордук концепциясы;
ачык жана жабык мейкиндиктердин балансы - фасаддын, анын бөлүктөрүнүн, колористикалыык чечимдеринин визуалдык композициялык балансы;
брандмауэр – өрттүн жайылышына жол бербөө үчүн бир же бир нече имараттардын араларын бөлүп туруучу фасаддын бардык элементи аркылуу өтүүчү каптал же короо фасадынын туюк, капиталдык дубалы. Жанаша жайгашкан курулуштардан бийикти жана терезелеринин жоктугу менен айырмаланат;
визуалдык кабыл алуу – фасаддын жана курчап турган шаар куруу чөйрөсүнүн, аймактын пландалган структурасынын (бүтүндөй жана айрым бөлүктөрүнүн) өзгөчөлүктөрүнүн адам тарабынан аныкталышы жана кабыл алынышы, кабыл алуу шарттарына ылайык объект образынын түзүлүшү;
визуалдык маалымат–адам тарабынан визуалдык түрдө кабыл алынган мазмун, маани жана образ. Визуалдык маалымат предметтердин формасы, жайгашуусу, катыштыгы, графикалык белгилердин жана символдордун сүрөттөлүшүнүн мүнөзү, шрифттин формасы, түстүн жана жарыктандыруунун мүнөзү аркылуу берилүүчү спецификалык образдуу мазмунга ээ.
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси – маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын менчик ээси болуп саналган жеке же юридикалык жак, же маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар боюнчабуюм укугуна ээ башка жак;
шрифттин гарнитурасы–бир шрифттин жалпы дизайн аркылуу бириктирилген жана белгилүү бир аталышка ээ сүрөттөлүшүнүн жыйындысы.
имараттын, курулманын короо фасады - имараттын линиясынан тышкары жайгашкан жана ачык мейкиндиктер менен визуалдык түрдө байланышпаган фасады;
маалымат талаасы – объекттин түздөн-түз маалымат берүү үчүн арналган конструктивдүү бөлүгү. Маалымат талаасынын түздөн-түз маалымат жайгаштырылуучу аянты (чоңдугу) – аталган конструктивдүү бөлүктүн бийиктиги жана узундугу.
карниз –фасаддын горизонталдуу түрдө чыгып туруучу элементи, дубалдын, бүткөрүлүп жаткан имараттын, курулманын, курулуштун же кабаттын үстүңкү чыгып туруучу бөлүгү;
композиция –көркөм чыгарманы тургузуунун негизи, курулуш системасы, негизги элементтерди жана бөлүктөрдү белгилүү бир ырааттуулукта жайгаштыруу, мында бардык бөлүктөр функционалдык жактан гана эмес, автордун идеясы жана ниети менен да байланышкан. Композицияны түзүүдө колдонулган көркөм каражаттар: сызык, тегиздик, түс, көлөм, мейкиндик. Композицияны гармонизациялоонун каражаттары: пропорция, симметрия, ритм, масштаб, контраст, нюанс;
композициялык бүтүндүк - объекттин архитектуралык долбоору, конструкциясы жана мейкиндик долбоору, ошондой эле анын бирдиктүү бүтүндү түзгөн айрым бөлүктөрүнүн өз ара байланышы. Композициялык бүтүндүк композиция элементтеринин кайсы биринин бүтүнгө зыян жаратпастан алмаштырылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн эместиги менен мүнөздөлөт;
кернинг - тамгалардын ортосундагы аралыкты формасына жараша тандап өзгөртүү. Кернинг эки тамганын ортосундагы аралык визуалдык жактан бирдей болушун камсыз кылуу үчүн колдонулат;
тактык (лаконичность) - композициянын сапаты, мында сүрөттө байкоочуга маанилүү маалыматты жеткирүү үчүн зарыл болгон элементтер гана камтылган. Негизги композициялык элементтерге карата жасалган керектүү визуалдык басым ашыкча, алагды кылуучу деталдарды алып салуу аркылуу ийгиликтүү жүзөгө ашырылат;
имараттын, курулманын алдыңкы фасады - имараттын линиясында жайгашкан же ачык мейкиндиктер менен визуалдык түрдө байланышкан имараттын фасады;
масштабдуулук (сомасштабдуулук) –объект көлөмүнүн адам боюна карата түзүлүшү: архитектуралык курулманын, скульптуранын, аббатоо элементтеринин же алардын бөлүктөрүнүн;
арип стили – бир гарнитуранын курамына кирүүчү жасалгаланган шрифттин модификациясы. Арип стили тыгыздыгы боюнча айырмаланат – кууш, кадыресе, кең; каныгуусу боюнча – жарык, жарым-жартылай кара, кара; жантаюус боюнча – түз, курсивдүү;
имараттын көлөмдүк-мейкиндиктик чечими - имараттын көлөмүнүн тышкы формасы;
пластика, пластикалуулук–архитектура, графика, живописке мүнөздүү көлөмдүн, форманын көркөм экспрессивдүүлүгү. Пластикалуулук бир форманын, көлөмдүн экинчисине, объекттин, курулманын же ансамбльдин бирдиктүү бир бүтүн образын түзүү үчүн имараттын бир бөлүгүнөн экинчисине ырааттуу түрдө өтүүсүн туюндурат;
имараттын фасадынын паспорту – кыймылсыз мүлк объектисинин бардык башкы параметрлерин чагылдыруучу техникалык документ жана архитектуралык техникалык чечим. Ал аркылуу имараттын көрүнүшү, айлана-чөйрөгө шайкештиги, жалпы көрүнүштү бузбай тургандыгы аныкталат.
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестри – калктуу конуштардын аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын болгон объекттери боюнча маалымат;
жарнама аянтчасы – жарнактарды чагылдыруу жана жайылтуу үчүн колдонулуучу жарнактык конструкциялардын аянты;
жарнама жайылтуучу – ушул Эрежелерге ылайык түрдө форманы түрдүү каражаттарды колдонуу менен жарнамалык маалыматтык жайгаштыруучу жана (же) жайылтуучу жеке жана юридикалык жак;
ритм – мүнөзү боюнча салыштырылуучу ар кыл элементтердин же формалардын белгилүү бир мыйзам чегинде кезектелиши жана аларды белгилүү бир тартипке келтирүү (алардын жайгаштырылышынын жана кезектелишинин тартиби);
симметрия - бир нерсенин бөлүктөрүнүн борборго, ортого карата пропорционалдуу түрдө жайгашуусу;
пропорционалдык жана шайкештик - бүтүндөй объекттин, анын бөлүктөрүнүн жана алардын элементтеринин ортосундагы белгилүү бир байланыш, мында бардык элементтер өз ара тең салмакта болот;
социалдык жарнак - адамдардын белгисиз бир чөйрөсүнө багытталган маалымат, кайрымдуулук жана коомдук пайдалуу максаттарга жетишүүгө, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталат;
стилдик бүтүндүк – архитектуралык формалардын, фасад элементтеринин жана композициялык каражаттардын тарыхый жана идеялык жактан калыптанып калган биримдиги, социалдык маселелердин, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жана коомдук идеялык, эстетикалык көз караштардын мүнөзү.
унификация –ар кандай типтеги объекттерди стандарттык өлчөмдөрдүн, формалардын жана касиеттердин рационалдуу диапазонуна жеткирүү. Унификациянын негизги максаты – бул ар бир вариантты өз-өзүнчө долбоолоо жана өндүрүү зарылчылыгын жоюу болуп саналат. Унификация предмметтик-мейкиндик чөйрөнүн композициялык жана конструктивдүү бирдигине жетүү каражаты болуп саналат.
ыйгарым укуктуу орган –маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, сырткы жарнама жана маалыматтарды жайылтуу маселелерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укукка ээ кылынган шаардын мэриясынынведомство алдындагы бөлүмү;
фасад –имараттын же курулуштун, курулманын сырткы вертикалдуу кыртышы. Курулманын түрүнө жана анын планынын формасына, жайгашкан ордуна жараша алдыңкы, каптал жана короо фасаддарын айырмалашат.
фирмалыкстиль –ишкананын ишмердүүлүгү жана анын продукциясы менен байланышкан белгилүү бир мүнөздөгү туруктуу визуалдык образды түзүү максатында белгилүү бир ишкана же уюм үчүн атайын иштелип чыккан объекттердин, каражаттардын, символдордун жыйындысы;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын эскиздик долбоору - маалыматтык-жарнак түзүмүнүн так жайгашкан жери, өлчөмдөрү жана андагы сүрөттөр жөнүндө маалыматтарды камтыган тексттик жана графикалык формадагы документтердин жыйындысы (графикалык материал же фотомонтаж);
имараттын фасадынын эскиздик долбоору - терезелерди, витриналарды, кире бериштерди жекече жабдуу жана долбоорлоо, маалымат элементтерин жана түзүлүштөрдү жайгаштыруу, имараттардын жана курулмалардын фасадынын түс схемасы.
2. Зоналаштыруу
12. Каракол шаарынынаймагындагыкалктуу архитектуралык-эстетикалык чөйрөсү 2 зонага бөлүнөт: так регламенттеги зона жана жалпы регламенттеги зона.
Так регламенттеги зона өзүнө камтыйт: Кыдыр-Акекөчөсүн, шаардын түндүк кире беришинен баштап Манас көчөсүнө чейин;Ж.Абдрахмановакөчөсүн, Манаскөчөсүнөн баштап К.Карасаевкөчөсүнө чейин; Токтогул көчөсүн, шаардын күн батыш кире беришинен баштапКүчүковшоссесине чейин;Манас көчөсүн, Каракол дарыясынан баштапКүчүков шоссесине чейин; К.Карасаев көчөсүн,Элебаевкөчөсүнөн баштап Күчүков шоссесине чейин; Манас көчөсү, Күчүков шоссеси, К.Карасаевкөчөсүжана Каракол дарыясы менен чектелген Каракол шаарынын борбордук бөлүгүн.
Жалпы регламенттеги зона өзүнө камтыйт: шаардын калган аймагын, так регламенттеги зонаны эске албаганда.
Жарнамалык түзүлүш кайда жайгаштырыла тургандыгы жөнүндө чечим жергиликтүү аймакты зоналаштыруу боюнча кабыл алынат.
13. Такрегламенттеги зонасына Каракол шаарынын борбордук бөлүгү, борбордук көчөлөр жана негизги магистралдар, эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине кирген тарыхый жана маданий мурастардын эстеликтери кирет.
14. Жалпы регламенттеги зонага, так регламенттеги зонаны эске албаганда,шаардын аймагынын калган бардык бөлүгү кирет. Жалпы регламенттеги зонада көрнөктөрдүн бийиктиги 0,8 метрден ашпоого тийиш.
3. Фасаддын паспортун тариздөө тартиби
15. Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү ушул Эрежелерде жана имараттын, курулманын фасадынын паспортунда (мындан ары - фасад паспорту) белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
16. Имарттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшүнө болгон жалпы талаптар ар бир имарат, курулма үчүн өз-өзүнчө даярдала турган фасаддын паспорту тарабынан аныкталат жана анда имараттын, курулманын курулушу боюнча долбоордук документтердин курамында даярдалган архитектуралык чечим эске алынат.
17. Имараттын, курулмалардын архитектуралык чечими жок учурларда фасаддын паспорту имараттын, курулманын көлөмдүк-мейкиндиктик чечимине, стилдик өзгөчөлүктөрүнө ылайык даярдалат, мындай шартта архитектуралык-мейкиндик чөйрө жана анын визуалдык мүнөзү, композициялык жана стилдик бүтүндүгү, унификация, пропорционалдуулук, горизонталдык жана вертикалык түркүктөр системасына, симметрияына жана ритмине шайкештиги эске алынат.
18. Фасаддын паспортундагы фасаддын түстүк схемасын аныктоо үчүн фасаддын колористикасын эске алуу зарыл. Бул үчүн жана фасаддын комплекстүү түстүк схемасы кайсы бир түс же анын тоналдык градациясы менен бир белгиде болуу үчүн жалаң гана пастельдик түстөрдү пайдалануу менен көчө жана кварталдык курулуштардын контекстиндеги курулуштардын түсүнө анализ өткөрүү зарыл.
19. Фасаддын паспорту ушул Эрежелерде белгиленген тартиптеги фасад паспортунун типтүү формасына ылайык Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалат.
20. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы фасаддын паспортун акы төлөнүүчү негизде даярдайт.
21. Фасаддын паспорту башкармалыктын начальниги тарабынан бекитилет.
22. Фасаддын паспортун даярдоо үчун жеке жана юридикалык жактар Шаар куруу жана архитектура башкармалыгына арыз менен кайрылышат. Арыздарды кабыл алуу жана аларды караштыруу «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
Арызда көрсөтүлөт:
а) арыз ээси тууралуу маалымат (паспорттогу маалыматтар, байланыш номуру, ишеним кат);
б) имараттын, курулуштардын жайгашкан орду;
в) ниеттердин, максаттардын сүрөттөлүшү;
г) кыймылсыз мүлк бирдигине карата (имаратка, курулмаларга) укук берүүчү жана укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү;
д) эскиздик долбоор.
Пайдалануучу/ижарага алуучу фасаддын паспортун даярдоо үчүн Шаар куруу жана архитектура башкармалыгына арыз менен өз алдынча кайрыла алат.
Арызда көрсөтүлөт:
Арыз ээси тууралуу маалымат (байланыш телефону, паспорт, эгерде арыз ээси юридикалык жак болсо уюштуруруучунун документтердин көчүрмөлөрү);
Арыз ээси менен имарат же курулма эсэсинин, же анын курамдык бөлүгүнүн ортосундагы ижара келишиминин көчүрмөсү.
23. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы арыз ээсине арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастама берет.
24. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы30 жумуш күндүн ичинде ушул Эрежелердин талаптарына ылайык фасад паспортун даярдап берет.
25. Зарылчылыгына жараша Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү имараттарды, курулмаларды жеринен барып көрөт жана бул үчүн арыз ээсинин өкүлдөрүн тартат.
26. Имараттар, курулмалар тарыхый-маданий мурастардын объектилеринин корголуучу зонасында жайгашкан учурларда фасад паспортунун долбоору бекитилгенге чейин милдеттүү түрдөэстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылуусу керек.
Ошол эле учурда ушул Эреженин 24-пунктунда көрсөтүлгөн фасаддын паспортун даярдоонун жалпы мөөнөтү эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашылуусуна чейин узартылат.
27. Фасад паспортун даярдоо бүтүндөй имараттын, курулманын фасады үчүн жүзөгө ашырылат жана анда киреш бериштердин, витриналардын, маалыматтык элементтердин, түзүлүштөрдүн, жарнамалык конструкциялардын ушул Эрежелерге шайкештиги эске алынат.
28. Жеке эскиздик долбоордун ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келүүсүндө Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы фасаддын паспортун жеке эскиздик долбоордун негизинде жана ушул Эрежелерде белгиленген тартипте даярдайт жана бекитет.
29. Имараттын, курулманын фасадын өзгөртүү фасад паспортуна дал келүүгө тийиш. Фасад паспортуна туура келбеген фасадды өзгөртүүгө жаңы фасад паспорту даярдалып жана бекитилмейинче жол берилбейт.
30. Имараттын же курулманын фасадын өзгөртүү үчүн жеке жана юридикалык жактар фасаддын архитектуралык чечиминин эскизи, ошондой эле зарылчылыгына жараша долбоордун авторунун кат жүзүндөгү макулдугу менен Шаар куруу жана архитектура башкармалыгына кайрылышат.