Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БИРИККЕН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫНЫН
2025-жылдын 14 майындагы №16
Багыш айыл аймагынын Ленин айылындагы
917 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алып жана 24948,0 чарчы метр жер аянтын көп кабаттуу турак-жай курууга Мамлекеттик ипотекалык компанияга мөөнөтсүз убакытка пайдаланууга берүүгө макулдук берүү
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 05-майындагы 01-15/144 сандуу « Багыш айыл аймагынын Ленин айылындагы 917 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алып жана 24948,0 чарчы метр жер аянтын көп кабаттуу турак-жай курууга Мамлекеттик ипотекалык компанияга мөөнөтсүз убакытка пайдаланууга берүүгө макулдук берүү» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл аймагынын Ленин айылындагы №3-05-08-1001-0747 идентификациалык номер менен катталган жер аянтынын түштүк-чыгыш тарабынын Багыш айыл өкмөтүнүн балансында турган 917 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Багыш айыл аймагынын Ленин айылындагы №3-05-08-1001-0747
идентификациалык номер 24948,0 чарчы метр жер аянтын көп кабаттуу турак-жай курууга Мамлекеттик ипотекалык компанияга мөөнөтсүз убакытка пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык
саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча
туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|