Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 25-июну № 24
Ат-Башы айылынын 2023-жылы бекитилген башкы планына
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Мыйзамын, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун (№02-2/431, 09.06.2026), өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жана элдик жыйындардын жыйынтыктарын эске алуу менен, көчөлөрдүн кызыл сызыктарын жана туураларын шаар куруу жана архитектуралык ченемдерге ылайык келтирүү, жарандардын менчик укуктарын коргоо, кызыл сызыкка кирип калган турак жайларды сактап калууга шарт түзүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана айылдын келечектеги туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ат-Башы айылынын 2023-жылы бекитилген башкы планындагы көчөлөрдүн туурасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор деталдуу пландаштыруу долбооруна (ПДП) ылайык киргизилсин.
2. Көчөлөрдүн туурасы боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы №9-4 «Ат-Башы айылынын башкы планына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштоо Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы
кезексиз XXI сессиясынын
№24 токтомуна 1-тиркеме
Ат-Башы айылынын көчөлөрүнүн туурасы боюнча таблица
№ | Көчөлөрдүн аталышы | Туурасы, метр (м) | Эскертүү |
1 | М.Өмүракунов | 30 | Автобекеттен батышты Берекеге чейин |
2 | М.Өмүракунов | 16 | Автобекеттен чыгышты көздөй |
3 | М.Өмүракунов | 25 | Берекеден батышты көздөй |
4 | А.Иманбердиев | 16 |
|
5 | М.Молдалиев | 14 |
|
6 | Т.Өмүрзаков | 30 |
|
7 | С.Абыкеев | 25 | Т.Өмүрзаков – С.Абыкеевдин кесилишинен баштап, рай.ооруканадан заправкага чейин 4-катег., ары жагы Ак-Жарды көздөй 3-катег. |
8 | Ат-Башы | 16 |
|
9 | К.Сатыбеков | 16 |
|
10 | М.Казиев | 12 |
|
11 | А.Сулайманов | 20 | С.Абыкеев көчөсүнө чейин |
12 | А.Сулайманов | 16 | С.Абыкеевден түндүктү көздөй |
13 | И.Айылчиев | 16 |
|
14 | Б.Шамеев | 20 |
|
15 | М.Жунусов | 16 |
|
16 | М.Жунусов | 12 | М.Өмүракунов түштүктү көздөй |
17 | Ой-Терскен | 26 | №20 Жол тейлөө ишканасынын №2/45 29.06.2026-жылдагы катынын негизинде |
18 | Тянь-Шань | 14 |
|
19 | Чеч-Дөбө | 12 | Чыгыштан почтага чейин |
20 | Чеч-Дөбө | 14 | Почтадан батышты көздөй ПЧОго чейин |
21 | Чеч-Дөбө | 12 | ПЧОдон батышты көздөй |
22 | М.Салымбеков | 14 | ПЧОдон М.Өмүракуновго чейин |
23 | М.Салымбеков | 30 | М.Өмүракуновдон Ак-Жар а. чейин |
24 | М.Салымбеков | 14 | М.Өмүракуновдон түндүктү көздөй |
25 | Ж.Шахнабиев | 12 |
|
26 | Жеништин 40 ж | 12 |
|
27 | Жээк | 12 |
|
28 | К.Имеров | 14 |
|
29 | Батыш | 12 |
|
30 | Батыш | 12 | «Элдик» банядан түндүктү көздөй Ак-Жар айылды көздөй |
31 | А.Чөкөева | 12 |
|
32 | А.Чоробаев | 12 |
|
33 | Т.Жумабеков | 12 |
|
34 | К.Тыналиев | 14 |
|
35 | Асанбаев Асан | 14 |
|
36 | Ак-Өргөө Ж.Чытырбаев | 16 |
|
37 | Улан-1,2 | 16 |
|
38 | Ак-Өргөө | 20 |
|
39 | Трасса | 35 | Ат-Башы-Бирлик |
40 | Трасса | 40 | Ат-Башы-Торугарт |
41 | Чынгыз маг.тушу | 12 |
|
42 | Т.Өмүрзаков Соттон дамбыны | 14 |
|
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Айыл өкмөттүн жер адиси Т. Кудайбергенов