Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БИРИККЕН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫНЫН
2025-жылдын 14 майындагы №17
Багыш айыл аймагынын №226, №227
контурундагы 0,70 гектар жер аянтын
убактылуу колдонууга макулдук берүү
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 12-майындагы 01-15/143 сандуу « Багыш айыл аймагынын №226, №227 контурундагы 0,70 гектар жер аянтын пайдаланууга берүүгө макулдук берүү» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл аймагынын №226, №227 контурундагы 0,70 гектар жер аянтына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы А.А.Касымалиевдин 04.04.2025-жылдагы №243-т сандуу тескемесинин негизинде “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолу, 1-фаза, Казамарман-Жалал-Абад участогунда 5(Беш) жасалма курулманы курууга асфальт бетон завод, майдалагыч жабдууларын убактылуу орнотуп, жумуш алып барууга жер ажыратып берүүгѳ, ижара акысы Багыш айыл аймагындагы курулуп иштеп жаткан бетон заводунун ижара акысына пропорционалдуу болгон суммага келишим түзүүгѳ макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык
саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча
туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|