Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 25-июну № 25
«Кыргыз Агрохолдинг» ААКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан картошка сактоочу жайы бар агрологистикалык борборду куруу долбоору үчүн муниципалдык менчиктеги жер аянтын мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары У. Акматовдун берген маалыматын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 24-июнундагы №02-2/484 сандуу сунушун угуп жана айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ат-Башы айылынын “Улан-1” жаңы конушунун күн батыш тарабындагы «Келечек» паркы жайгашкан аймактан, Башкы планда өндүрүш багыты үчүн каралган 2,0 (эки) гектар муниципалдык менчиктеги жер аянтын «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому тарабынан картошка сактоочу жайы бар агрологистикалык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өткөрүлүп берилген жер аянты максаттуу багыты боюнча гана, тагыраагы, картошка сактоочу жайы бар агрологистикалык борборду куруу максатында гана пайдаланылсын.
3. Ат-Башы айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жер аянтын мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү материалдарды даярдап, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга киргизүү тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаарлар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |