Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
2025-жылдын 19 ноябрындагы №17-1
Кылмыш ишин кыскартуу жөнүндөгү токтомго доо арыз
келтирүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-ноябрындагы чыгыш № 01-28/2416 сандуу катынын негизинде, Сузак районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № Ис25/143-07-10/2-02264 катын жетекчиликке алып, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы отурумунун №10 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан 2025-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган кылмыш ишин кыскартуу жөнүндөгү токтомго доо арыз келтирүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жана камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун ишке ашырылуусун көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төраганын орун басары |
Г.Каримова
|