Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
2025-жылдын 19 ноябрындагы №17-2
Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентин негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-ноябрындагы чыгыш № 01-28/2487 сандуу катын, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы отурумунун №10 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-октябрындагы №15-2 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомду ишке ашырылуусун көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төраганын орун басары |
Г.Каримова
|