Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
2025-жылдын 19 ноябрындагы №17-3
Талаа-Булак айылындагы жер аянтын бир багытынан
башка багытка которуу жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-ноябрындагы чыгыш № 01-28/2486 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын отурумунун 2025-жылдын 2-октябрындагы отурумунун № 8 протоколун, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы отурумунунун № 8 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы № 51, 60, 61, 62 контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлери” багытындагы 0,50 га жайыт жерлеринен жана 0,40 га кайракы “Айдоо жерлери” түрүнөн “Көп жылдык бак-дарактар жерлери” түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төраганын орун басары |
Г.Каримова
|