Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
2025-жылдын 19 ноябрындагы №17-4
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы №13-5 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 13-ноябрындагы чыгыш № 01-28/2458 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы отурумунунун №9 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 13-5 “Таштак айылындагы жер аянтын бир багытынан башка багытка которуу жөнүндө” токтомунун 1-пунктундагы “ден-соолукту чыңдоочу спорт комплексин куруу үчүн” сүйлөмү “ден-соолукту чыңдоочу спорт мектебин куруу үчүн” сүйлөмүнө өзгөртүлсүн.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго токтомдогу өзгөртүүлөрдүн негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин..
Төраганын орун басары |
Г.Каримова
|