Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын «03» июлу № 63/XVIII-2
«Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кайыңды шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы, жигердүү кайрымдуулук ишмердүүлүгү, шаардын коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн, ошондой эле коомдук ынтымакты, руханий баалуулуктарды чыңдоодогу жана ишкердикти өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгектерин эске алып, Кайыңды шаардык кеңеши, токтом кылат:
1. Жигердүү кайрымдуулук ишмердүүлүгү, Кайыңды шаарынын турмушуна жана инфратүзүмүнүн өнүгүшүнө кошкон чоң салымы үчүн төмөнкү жарандарга «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:
-Дуванаев Джумабек Салаевич – Панфилов районунун имам-хатиби;
-Башаханова Алтынай Темиркуловна – жеке ишкер;
-Егембердиев Урмат Каратаевич – жеке ишкер;
-Алимкулов Мурат Каримович – жеке ишкер.
2. Кайыңды шаарынын мэриясына белгиленген тартипте «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамынын күбөлүктөрүн жана төш белгилерин салтанаттуу кырдаалда тапшырууну уюштуруу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Н. Капалов |