Редакцияот 10/03/2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIX сессиясы

2023-жылдын 10-марты № 137

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2023-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү жөнүндө.

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2023-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү боюнча айылдык кеңештин төрагасынын орун басары У.Күлчороевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы токтом кылат:

1. Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылга карата өтүлүүчү сессияларынын иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Иш пландын негизинде сессиялардын өз убагында өтүүсүн камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Күлчороев Улукбекке тапшырылсын.

3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Үч-Терек айылдык кенешинин

төрагасы:

 

А. Дөөлөткелдиев

 

 

2023-жылдын 10-мартындагы Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясынын № 137 токтомуна

 

1- тиркеме

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жыл ичинде өтүлүүчү сессияларынын

ИШ ПЛАНЫ

№

Каралуучу маселелер

Аткаруу мөөнөттөрү

Кимдер даярдайт

 

 

1.

 

Айыл өкмөт башчысынын жана аппаратынын 2022-жыл ичинде жасаган жумуштары боюнча отчету жана 2023-жылга карата иш-планын кароо

 

I-квартал

2023-жылы

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы ,ФЭБ башчысы,салык кызматкерлери, вет. адис, жайыт комитети, соц.адис, жер адис,статист жана ВУС кызматкерлери

 

 

2

Көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыялоо.Тазалык боюнча иштерди кароо,таштанды тарифтерин чечүү жөнүндө.

 

        *****

Статист-экономист С.Жолдошова, соц маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

3

Сугат иштерин уюштуруу.(УОС,СПАнын жазгы иштерге карата даярдыгын кароо.Айыл башчылардын жазгы иштеринин маалыматы

 

*****

Үч-Терек УОС бөлүмүнүн жетекчиси  Н.Койлюбаев, Жетиген СПАнын жетекчиси Б.Мурзалиев

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

4

Айдап себүү,таза суу,сугат суу,оруп жыюу,бада акысы ж.б. тарифтерди бекитүү

 

 

*****

Статист-экономист С.Жолдошова Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

5

Токой чарба боюнча адистин, жайыт комитетинин 2022-жылы жүргүзгөн иштерин кароо , 2023-жылга иш-планын карап бекитүү жана көчүп конууну уюштуруу

 

 

*****

 

Токой чарба боюнча адис  

Жайыт комитети К.Сыргабаев

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

6

Айылдык кеңештин төрагасынын , орун басарынын жана туруктуу комиссияларынын отчеттору 2022-жыл үчүн

 

*****

Айылдык кеңештин төрагасы , орун басары жана туруктуу комиссиялар

 

1

Билим берүү тармактарынын отчету(мектептер, бала –бакчалар)

II-квартал

2023-жылы

Мектеп директорлору,бала бакча башчылары,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

2

№30 Жол тейлөө ишканасынын жылдык иш-планын кароо

 

*****

№30 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Т.Кенетаев

Агрардык маселелер боюнча комиссия

 

3

Участкалык инспектордун 2022-2023ж үчүн жылдык маалыматы

 

*****

Участкалык инспектор

Мыйзамдуулук комитети

 

4

РЭС мекемесинин 2022-2023ж үчүн жылдык маалыматы

 

*****

Үч-Терек РЭС бөлүмүнүн жетекчиси

Агрардык маселелер боюнча комиссия

 

5

Архитектура жана Кадастр ишканасынын маалыматы,Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адисинин маалыматы

 

*****

Архитектура жана Кадастр ишканасынын жетекчилери, жер адис М.Келгенбаев

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

1

Айыл өкмөт башчысынын 6 айлык отчету

III-квартал

2023-жылы

Айыл өкмөт башчысы, туруктуу комиссиялар

 

2

УОС суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы

 

*****

УОС суу чарба башкармалыгынын Үч-Терек бөлүмчөсүнүн жетекчиси Н.Койлюбаев

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

3

Саламаттыкты сактоо тармактары 2022-2023 жыл үчүн маалымат

 

*****

Башкы дарыгер М.Орозов,ФАП башчылары, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

4

Байкоочу кеңештин өкүлүнүн отчету

 

*****

Байкоочу кеңештин өкүлү

М.Көкүлов

 

1

Күзгү оруп жыйноо иштеринин жыйынтыгын кароо

IV-квартал

2023-жылы

С.Жолдошова , М.Келгенбаев жана айыл башчылар

 

2

Кышка карата даярдык

 

*****

Айыл өкмөт башчы, №30 Жол тейлөө мекемеси, мектеп директорлору, бала бакча башчылары

 

3

Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши жана башка коомдук уюмдардын иштерин кароо

 

*****

Аксакалдар сотунун төрагасы, Аялдар кеңешинин төрайымы , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

4

Айыл өкмөт башчысынын 9 айлык отчету

*****

Айыл өкмөт башчысы, туруктуу комиссиялар