Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын «03» июлу № 64/XVIII-3
Кайыңды шаарындагы айрым муниципалдык көмөк чордондорду «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнун Чүй электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 27-январындагы №27-772 “Көмөк чордондорду (ТП) “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү” тапшырмасын аткаруу максатында, көмөк чордондорду өз убагында техникалык тейлөө, оңдоо, авариялык кырдаалдарды жоюу жана аларды натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу үчүн, Кайыңды шаарынын мэриясынын кайрылуусун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңеши,токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган, Кайыңды шаарынын Гагарина көчөсүнүн №3 жана Каныкей көчөсүнүн №24 дарегинде жайгашкан “Улыбка” бала бакчасынын көмөк чордондорун “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Н. Капалов |