ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIXсессиясы
2023-жылдын 10-марты № 140
”Үч-Терек айыл аймагында айдап себүү, бада акысы, таза суу, суугат суу, оруп жыюу ж.б. тарифтерди бекитүү”
Үч-Терек айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин кезексиз ХIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагында айдап себүү, бада акы, таза суу, суугат суу, таштанды чыгаруу , оруп жыюу жана башка тарифтерди бекитүү жөнүндөгү статист–экономист С.Жолдошованын билдирүүсү эске алынсын.
2. 2022-жылга карата Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарында жалпы бирдей жер айдоо жана малалоо тарифи 1 гектар жер аянтына - 5500 сом, себүү -1200 сом, бада акысы бир баш бодо малга – жазгы сезонго -500сом,күзгү сезонго-700сом, бир баш жандыкка –жазгы сезонго -100 сом, күзгү сезонго 120сом болуп бекитилсин.
3. Бекитилген тарифтер боюнча иш алып баруу жагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Көкөевге, айыл башчыларына, жайыт комитетинин төрагасы К.Сыргабаевке жана экономист-статист С.Жолдошовага милдеттендирилсин.
4. Бекитилген тарифтен ашыкча төлөм алынса механизаторлорго жана бадачыларга айып пул салынаары жана бузуулар боюнча түзүлгөн комиссияда каралып, айып пулдарынын өлчөмү көрсөтүлүп, мыйзам түрүндө чара көрүлөөрү жөнүндө тийиштүү жарандарга жана айыл тургундарына маалымат жеткирилсин.
5. Башка айылдардан келген малдын бир айлык салыгын төлөтүү жана Бузуулар кодексинин 182-183 статьясынын негизинде жайыт комитети менен келишим түзбөгөн малчыларга чара көрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А. Дөөлөткелдиев |
|
| Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жылдын 10-мартындагы кезексиз ХIXсессиясынын №140 токтомуна 1-тиркеме |
Үч-Терек айыл өкмөтүндө 2023-жылы бадачылардын малдын башына ала турган бада акысы
2023-жыл.
№ | Малдын түрү | Өлчөө бирдиги | 1 айга (сом)
| Канча ай | 6 айга
|
1 | Бодо мал -жайкы -күзгү
| 1 баш уйга (сом) | 500 700
| 6 3 | 3000 2100 |
2 | Кой-эчкилер -жайкы -күзгү
| 1 баш кой,эчки (сом) | 100 120 | 6 3
| 600 360
|
Эскертүү:
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы : А.Байсабаев Жайыт Комитетинин төрагасы : К.Сыргабаев.
Экономист-статист : С.Жолдошова.
|
| Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жылдын 10-мартындагы кезексиз ХIXсессиясынын №140 токтомуна 2-тиркеме |
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жазгы талаа жумуштарына айдап себүүнүн күнүмдүк иш нормасы, күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымдалышы жана тракторлордун күчүнө төлөнүүчү акысы.
2023-жыл.
№ | Техниканын аткарган жумушу (1га)
| Жалпы (сом) |
1 | Айдоо, малалоо | 5500
|
2 | Себүү (сеялька) | 1200
|
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга оруп жыюунун күнүмдүк иш нормасы, күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымдалышы жана тракторлордун күчүнө төлөнүүчү акысы.
№ | Техниканын аткарган жумушу (1га) | Жалпы (сом) |
1 | Чабуу + грабил | 3500 |
2 | Престөө ( 1 кип) | 25 |
3 | Комбайн менен оруп жыйноо | 4000 |
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга сугат суу тарифтери жана таштандыларды чыгаруу боюнча күнүмдүк иш нормасы, төлөнүүчү акысы.
№ |
| 1 айга (сом) | Жалпы (сом) |
1 | Сугат суу | 50 | 300 |
2 | Таштанды чыгаруу | 50 | 300 |
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы : А.Байсабаев
Жер адис : М.Келгенбаев.
ФЭБ башчысынын у.м.а. Н.Койчубаева
Экономист-статист : С.Жолдошова