Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-июлундагы № 256 тескемесине)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин өткөрүп берүү актысы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154 «Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 93-статьясына ылайык биз, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2026-жылдын 20-майындагы № 59 «Кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө» биргелешкен буйругу менен түзүлгөн комиссиянын төмөндө кол койгон мүчөлөрү (мындан ары – Комиссия), Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармаcынын жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин ушул өткөрүп берүү актысын түздүк.
Комиссия тарабынан төмөнкүлөрдүн баланстык мүлкүн, дебитордук жана кредитордук карыздарын эсепке алуу жана баалоо жүргүзүлдү:
– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин;
– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын;
– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын.
Комиссия тарабынан төмөндө көрсөтүлгөн негизги каражаттар, баалуулугу төмөн жана бат эскирүүчү буюмдар, ошондой эле милдеттенмелер аныкталды.
1. Өткөрүп берүү актысынын тиркемесине ылайык 2026-жылдын 12-июнуна карата активдер жана пассивдер:
– негизги каражаттар (имараттар жана курулмалар, жер тилкелери, транспорт каражаттары, механизмдер жана өндүрүштүк жабдуулар, эмеректер, кеңсе, компьютердик жана башка жабдуулар, жана башка негизги фонддор), эсептелген эскирүүсүн көрсөтүү менен;
– запастар, баалуулугу төмөн жана бат эскирүүчү буюмдар;
– акциялар жана капиталга катышуунун башка формалары;
– кредитордук жана дебитордук карыздар (отчеттук мезгил үчүн жалпыланган).
2. Укуктар жана милдеттенмелер.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин бардык кредиторлоруна жана карызкорлоруна карата бардык милдеттенмелери, анын ичинде тараптар талашкан милдеттенмелер боюнча укук улантуучу болуп саналат.
Ушул өткөрүп берүү актысына ылайык Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин бардык укуктары жана милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өтөт.