Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 24-июнундагы №35
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн “Торкен тазалык” муниципалдык ишканасынын катуу калдыктарды чыгаруу боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн «Торкен тазалык” ишканасынын катуу калдыктарды чыгаруу боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн «Торкен тазалык” ишканасынын катуу калдыктарды чыгаруу боюнча тарифи Абды Суеркулов айыл аймагынын Торкен, Көтөрмө, Кара-Жыгач, Сары-Сөгөт, Бел-Алды жана Коргон айылдарындагы ар бир кожолука 200сомдон бекитилсин.
2. Абды Суеркулов айыл аймагынын Торкен, Көтөрмө, Кара-Жыгач, Сары-Сөгөт, Бел-Алды жана Коргон айылдарындагы аярлуу катмардагы үй-бүлөөлөргө мыйзамга ылайык женилдиктер белгиленсин.
3. “Торкен тазалык” муниципалдык ишканасына кызматтык автомашина катары өзүнүн менчик ВАЗ-2107 маркасындагы мамлекеттик номери 04 kg 389 AKE автомашинасын пайдаланууга макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, дин иштери жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн «Торкен тазалык” ишканасына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов
|