Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 24-июнундагы №36
Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерин жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерин жылдыруу берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын 1201,0миң сому, транспорт каражаттарынан түшүүчү салыгынын 1000,0миң сому жалпы 2201,0миң сом акча каражаттары салыктын башка түрлөрүнө мамлекеттик фондунун ижара акысына 1769,4миң сом, айыл ичиндеги жерлердин ижара акысына 100,0миң сом, айыл чарбасына багытталбаган жер салыгына 100,0миң сом, жайыт акысына 231,6миң сом, жалпы 2201,0миң сому жылдырылсын.
2. Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн социалдык жардам бөлүмүнүн 2721 беренесинен «Энелер күнүнө» каралган 80,0миң сому аппарат бөлүмүнүн 2824 беренесине, аппарат бөлүмүнүн 2222 беренесинен Торкен ҮДТна каралган 50,0мин сому 3112 беренесине, мектеп бөлүмүнүн 2222 беренесинен 40,0миң сому, 3112 беренесине, мектептин 3111 беренесиндеги 700,0миң сомун, аппараттын 3111 беренесине, аппарат бөлүмүнүн 2222 беренесинен 21,9миң сому мектеп бөлүмүнүн 2222 беренесине, аппарат бөлүмүнүн 2222 беренесинен Керезов көчөсүнүн жарыктандыруусуна каралган 500,0миң сому, Бос-Тектир жолун салууга каралган 200,0миң сому, Бел-Алды айылынын таза суусуна каралган 440,5миң сому жалпы 1140,5миң сому 2215 беренесине жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына , аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов
|