Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 24-июнундагы №37
Абды Суеркулов айыл аймагынын мекеме-уюмдарынын жараксыз материалдарын чыгыштоо жана жаныдан сатылып алынган материалдарды кириштөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл аймагынын мекеме-уюмдарынын жараксыз материалдарын чыгыштоо жана жаныдан сатылып алынган материалдарды кириштөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын мекеме-уюмдарынын жараксыз жалпы 1285,0 сомдук материалдары Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн балансынан чыгышталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына , аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов
|