Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 24-июнундагы №38
Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2026-2027-2028-жылдарга аткарылышынын божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2026-2027-жылдарга аткарылышынын божомолун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга аткарылышынын божомолу 13447,2миң сомго, 2027-жылга аткарылышынын божомолу 14077,5 миң сомго, 2028-жылга аткарылышынын божомолу 14709,0 миң сомго бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов
|