Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 24-июнундагы №39
Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган Ы.Алымбеков мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу долбоорунун өздүк салымына каралган «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен түшкөн каражатты бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган Ы.Алымбеков мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу долбоорунун өздүк салымына каралган «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен түшкөн каражатты бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган Ы.Алымбеков мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу долбоорунун өздүк салымына каралган «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен түшкөн 800,0 миң сом акча каражаты Абды Суеркулов айыл аймагынын атайын эсебинин аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине 800,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов
|