Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 24-июнундагы №40
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Торкен айылынын ички жолдорун асфальтоого каражат бөлдүрүп берүү жагын сурап кайрылуу жасоого Жогорку Кеңештин депутаты К.К.Сулаймановко кайрылуу даярдоону талкуулоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Торкен айылынын ички жолдорун асфальтоого каражат бөлдүрүп берүү жагын сурап кайрылуу жасоого Жогорку Кеңештин депутаты К.К.Сулаймановко кайрылуу даярдоону талкуулоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Торкен айылынын ички жолдорун асфальтоого каражат бөлдүрүп берүү жагын сурап кайрылуу жасоого Жогорку Кеңештин депутаты К.К.Сулаймановко кайрылуу даярдоо талкуусу эске алынсын.
2. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Торкен айылынын ички жолдорун асфальтоого каражат бөлдүрүп берүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаты К.К.Сулаймановко кайрылуу даярдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн
Төрага |
Ш.Мукушов |