Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 24-июнундагы №41
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |