Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июну № 12
Ак-Башат айыл аймагынын Новониколаевка жалпы билим берүү мектебине Жусуп Баласагындын ысымын ыйгаруу жөнүндө
“Ак-Башат айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги мекемелерге ысым ыйгаруу боюнча” Жобонун негизинде, Новониколаевка жалпы билим берүү мектебинин педагогикалык кеңешинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 16-протоколдук чечиминин жана 2026-жылдын 23-июнундагы айылдык кеңештин протоколунун чечиминин негизинде , Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл аймагынын Новониколаевка жалпы билим берүү мектебине Жусуп Баласагындын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Азаматовго жүктөлсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Башат айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| И.С.Рыскулов |