Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
бешинчи сессиясы
2025-жылдын 11-июлундагы №5/1
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү долбоор сунушунун негизинде Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 14151200 беренесинен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы салыгы планынан 800,0 мин сомго көбөйтулсун жана атайын каражаттан ата-энелер төлөмдөрүнөн түшүүчү 2464,0 сом акча каражаты, аткарылган долбоорлордон үнөмдөлгөн акча каражаттан 186,0 сомго үнөмдөлгөн, жалпысы 986,0 сом.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы:
2. 70111–бөлүктүн 2215-беренесине Айыл өкмөтүнүн имаратынын дубал беттерине маалыматтык жана расмий рамкаларды орнотуу үчүн 50,0 мин сом,
3. 70111-бөлүктүн 3112-беренесине СЭД менен иштөө үчүн планшет сатып алууга , 135,5 мин сом.
4. 70111-бөлүктүн 2215 беренесине Смета долбоорлорду даярдоого 400,0 мин сом.
5. 70111-бөлүктүн 2215-беренесине Компьютерлерди ремонттоо жана картридждерге сыя толтуруу үчүн 30,0 мин сом.
6. 70111-бөлүктүн 2222-беренесине Концелярдык товар сатып алууга 60,0 мин сом.
7. 70111-бөлүктүн 2215-беренесине Ар түрдүү чыгымдарга 46,4 мин сом.
8. 70921-бөлүктүн 3112-беренесине К.Сапаралиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине видео көзөмөл орнотуу шаймандарын сатып алууга 46,0 мин сом.
9. 70629-бөлүктүн 2222-беренесине Кез-Арт айылына ичүүчү таза суу алып келүүгө 218,0 миң сом.
10. Кара-Камыш айыл аймагындагы дем берүүчү (үлүштүк) гранттын каржылоосуна өткөн Б.Минбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин чатырын, терезе, эшиктерин алмаштыруу долбооруна каралган өздүк салымын 70921-бөлүктүн 3111 беренесинен, 70111-бөлүктүн 3111-беренсине жылдырылсын жана долбоордо каралган өздүк салымын 70921 бөлүктүн 3111 беренесинен 0,1 мин сом кошулсун.
Жалпы чыгаша 986,0сом.
11. Ата-энелер төлөмдөрүнөн түшүүчү 2464,0 (эки миллион төрт жүз алтымыш төрт мин) сом акча каражаты 2025-жылдын 6 айына атайын каражаттар бөлүгүнө планга кошулсун.
12. 12. Кара-Камыш айыл аймагындагы дем берүүчү (үлүштүк) гранттын каржылоосуна өткөн Э.Четинбаев мектебинин чатырын, терезе эшиктерин алмаштыруу долбооруна
каралган өздүк салымын 70921-бөлүктүн 3111 беренесинен, 70111-бөлүктүн 3111- беренсине жылдырылсын.
13. 13. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Назарбековго жүктөлсүн.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |